Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Батукаевдин кечээги “коргоочусу” Салянова жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетеби?

Батукаевдин кечээги “коргоочусу” Салянова жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетеби?

11-октябрь, 13:28
920 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгышын Аида Салянова башкы прокурор кезинде башкача мүнөздөмө берип келген. Бул боюнча эч ким ага көрсөтмө бербегенин да бекемдеген эле. Коомчулукта болсо Батукаев оорусунун кесепетинен түрмөдөн мыйзамдуу чыгып кеткени боюнча пикир калыптанган. Качан гана Салянова камалгандан кийин баштапкы сөзүнөн айнып, тергөө менен кызматташып, күнөөнүн баарын Атамбаевге оодара салганын кандайча түшүнөбүз? Ички абийир, туруктуулук деген кайда? Ар ким өзүнүн кызматтык жоопкерчилиги үчүн турушу керек да. Албетте, бул маселеде кимдин күнөөсү болсо жазасын алышы зарыл. Таңгаласың, Батукаевдин “коргоочусу” катары түрмөдөн чыгарып ийүүгө шарт түзүп, андан кийин ойт берип кете береби? Анын “мыйзамдуу” бошоп кеткенин Салянова айтып келбеди беле? Дал ушул чуулгандуу сот процессине экс-башкы прокурор айыпталуучу эмес, күбө катары өтсө тергөө артка тебилбейби? Айтор, суроолор көп. Так жоопту кайдан табабыз?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер