Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жетигенов саясатта жетилди...

Жетигенов саясатта жетилди...

19-декабрь, 09:00
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов эки ирет Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Агезде өтө активдүүлүгүн көрсөтпөсө да, принципиалдуу маселелерде бекем туруп, казино сыяктуу кумар оюндарын жаптырууда, пайдалуу мыйзамдарды алууда бекемдигин көрсөтчү. Жалпысынан эл өкүлү катары ийгилик жаратып, электоратын түптөп, кандайдыр бир деңгээлде колдоочулардын катмарын түзө алган.

Ал 2020-жылдагы төңкөрүштөн соң камалып, бир канча убакыт түрмөдө жатты. Жалдырап, “сынып” деле калган эмес. Кудайдын буйругу менен эркиндикке чыгып, саясаттан тышкары жүргөн. Көп өтпөй Ош шаарына мэр болуп, күтүүсүздөн атка минди. Жумушу да шыр кетип, Оштогу экономикалык-социалдык көйгөйлөрдү, чарбадагы олутуу маселелерди ичкериден анализдеп, мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүгө кришип, элдин суранычы, талабына жараша кыймылдай баштады. Кыйла жылдан бери чечилбеген таза сууну чыгарып, ылай суу ичкен оштуктардын ден соолугуна кам көрдү. Убарачылыкты жыйыштырып, демилгелүү жүрүш салууда... 

Аз күн мурда Ош шаардык кеңешинин депутаттары майда интригалар менен Бакыт Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, жарга такаганга аракет кылышты. Чайпалбады, эмоцияга алдырган жок. Бир эсе коомчулук да колдоп атты. Депутаттардын “телибай тентектигин” Садыр Жапаров четке кагып, мэрдин иштөөсүнө шарт түзүп берди. Алгылыктуу иштеп жаткан аткаминерге жогорку жетекчиликтен колдоо болсо, бул дагы чоң дем да. Эми мындан ары карай Ошту көйгөйлөрдөн арылтып, таза, дымактуу аракет көрүүсүнө ишене туралы. А эң башкысы, Жетигеновдун саясатта жетилгенин, алыска чуркай турганын аңдап турабыз. Түбөлүгү түз болсун! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер