Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөдөгү эң кичинекей адам каза болду

Дүйнөдөгү эң кичинекей адам каза болду

18-январь, 16:39
1 710 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдөгү эң кичинекей бойлуу катары табылган непалдык Кхагендра Тхапа Магар кечээ, 17-январда 27 жашында көз жумду.

Магардын бою 67, 08 сантиметр болчу. Ал пневмониядан улам Покхар шаарынын ооруканасында каза болгон.

Магардын рекорду 2010-жылы ал 18 жашка толгондон кийин Гиннестин рекорддор китеби аркылуу расмий тастыкталган.

Магар кийин бир аз убакытка рекордчу наамынан ажыраган, себеби, жашап жаткандардын арасында боюнуну узундугу 54, 6 сантиметр болгон непалдык Чандра Бахадур Данги бар болчу. Чандра Бахадур Данги 2015-жылы каза болгондон кийин Магар кайрадан рекордчу наамын алган.

Эми дүйнөдөгү эң кичинекей адам колумбиялык диджей Эдвард Эрнадес болуп калды. Анын боюнун узундугу 70, 21 сантиметрди түзөт.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер