Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиевдин пайдасына жараша “шах” берилеби? Шахматтык жүрүштөр...

Ташиевдин пайдасына жараша “шах” берилеби? Шахматтык жүрүштөр...

22-июнь, 18:43
663 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Өткөн жумада “кемпирабадчы” саясатчылар абактан чыгышпадыбы. Жамы журт судья Марат Сыдыковду алкап эле жатып калышты. Себеби, жерди коргогондор эки жылга жакын убакыттан бери түрмөдө негизсиз жатышты да. Акыры акыйкат орноп, кара кылды как жарган Марат мырзанын чечими менен акталышты. Коомчулукта талкуу жаралып, бийликтин аброю үчүн жылуу пикирлер айтылды. Кызыгы, көп өтпөй Садыр Жапаров маек берди. “Мен сот болсом, алардын уюштуруучуларына айып пул же пробация бермекмин” деп нааразы пикирин ачыктады. Эл ичинде пикир дароо өзгөрдү. Көпчүлүгү президенттин айкөлдүгү катары ойлоп атышкан да... Демек, мыйзамдуу буйрук берген “дирижёр” башка турбайбы. Анда ким? Божомолдор дароо УКМК төрагасына бурулду. “Камчыбек Ташиев табиятынан калыс, чындык үчүн күрөшкөн саясатчы эмеспи. “Кемпирабадчы” баатырларды актатып, тарыхый иш жасады. Эртең президенттик шайлоо болсо, элге жүзү жарык болору шексиз. Кандай болгон күндө да, оомат Ташиевге ооп калды...” деген кептер саясый элитанын тар чөйрөсүндө айтылып, таасирдүү пикир түзүүдө. Билимдүүлөр, катталар багыт беришсе, караламан калк да ошол таризде ээрчийт эмеспи. Сыягы, алдыда күтүлбөгөн шахматтык жүрүштөр бекер жерден козголбосо керек. Камчыбек Кыдыршаевичтин пайдасына “шах” берилеби? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер