Темирлан Аскеров: “Бандиттик системадан кутулмайынча Кыргызстан жаңы жашоого жете албайт”

-- Жакынкы күндөрү өлкөбүзгө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келгени турат. Бул сапардын максаты кандай? Кемпир-Абад боюнчабы же башка маселелер чечилеби?
-- Өзбекстандын президентинин биздин өлкөгө болгон сапары чоң өзгөрүүлөрдү алып келет деген ишеничтемин. Анткени буга чейин болбогон жаңы иштер аткарылганы турат. Мисалы, экономикалык долбоорлор, ошондой эле Европага Кытай аркылуу өтчү товарларды ташуу боюнча темир жол маселеси жана паспорт көйгөйү. Өзбекстан жарандары Кыргызстанга, кыргыз жарандары Өзбекстанга кире ала тургандай болот. Бул дагы жакшы алаканы түзөт. Буга чейинки, Ислам Каримовдун мезгилине чейинки мамиле бир аз салкын болуп, ошол кезден бери чек аралар жабылган. Бизде Жалал-Абад, Ош тарапта Өзбекстан менен соода тиричилик кылат. Алардын кызыкчылыгын да биз билишибиз керек. Ар кандай маселелер: туризм, туугандык мамилелер, үй-бүлө кургандар дагы бар.
Азыр дүйнөдө чоң конфликттер болуп жатат. Россиянын Украинага кол салуусу Борбор Азияны биригүүгө жана биргеликте иштөөсүнө көп адамдардын көзү жетти. Бул нерселер жасалбаса, коркунучтар көбөйүп, дүйнөдө ачкачылык, экологиялык маселелер, соода, жүк ташуу жолдору оорлойт. Бул дүйнө глобалдуу, ошондуктан Кыргыз мамлекети менен жаңы баракча ачканга Ташкенттин кызыкчылыгы чоң. Шавхат Мирзиёевге жаңы долбоорлор, утуштар керек. Ошол эле кезде Кемпир-Абад деп аталган жаңы келишимди жеңиш катары бааласак болот. Бизге эле эмес, аларга да тынчтык керек.
Учурда Европа Россияга санкция киргизгендиктен, Россия бизге көз каранды болушу мүмкүн. Бизге дегеним, соода маршруттарыбыз Кытай–Кыргызстанды айтсак болот. Ошондуктан Ташкент бизге өтө чоң үмүт менен келе жатат (!) деген ойдомун. Бул жакта эки тарап соода-экономикалык долбоорлорун бекемдеп, ишенимди арттырып, эшиктерди ачып, соода жүгүртүүнү күчөтсө, бул эки элдин кызыкчылыгына жооп берет. Эң негизгиси, дүйнөлүк оор кырдаалда Бишкек менен Ташкент эч кандай чыр-чатакка жол бербешибиз керек. Анткени мунун геостратегиялык оор кесепети тийип кетиши мүмкүн. Ошондуктан ынтымак, достук, соода мамилелери маанилүү.
-- ЕАЭБ президенттери да келери белгиленүүдө. Булардын келүү сапарына кандай ойдосуң? Учурда ЕАЭБде ордубуз кандай?
-- Бул жакта философиялык көз караш дагы бар десек болот. Анткени ЕАЭБдин көпчүлүк президенттери пенсиялык куракта. Алар СССР мамлекетинде калыптанган, жашоодогу жакшы күндөрү ошол кездери өтүп, ЕАЭБ катары СССРге айлантканды каалагандары да бар. Анын ичинде Путин менен Лукашенко. Бирок дүйнөлүк арена деген чоң, ага кыргыз эли дагы кирет. Чоң планетада жашагандыктан, ЕАЭБден башка кыргыз элинин жоопкерчилигин күчөткөн уюмдарга көңүл бурушубуз керек деп эсептейм. ЕАЭБ тар жана чакан. Дүйнөлүк масштабдагы экономикалык жактан, илимий ачылыштардан, өнүгүү жагынан, адамдардын жашоо сапатынан ж.б көптөгөн индикаторлор бар. ЕАЭБге киргендер дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөргө кирбейт. Ошондуктан биз улам эски чапанды кийип жүрө бербей, жаңы нерсеге, күтүүсүз утушка, алдыга карай жашоого, токчулукка, өнүгүүгө кыргыз элинин алдыңкы эл болушуна тырышып кадам жасабасак, убактыбызды жөн эле өткөрүп жиберебиз. Биз дүйнөлүк соода уюмунун, ШОСтун мүчөсүбүз. Бирок Европа, Америка, Индия жана башка мамлекеттер бар. Менимче, көз карашыбызды өзгөртүп, ошол тарапка кетпесек, эски бойдон кала беребиз. Дүйнө бир топ алдыга кетип калган. Биз болсо ошол бойдон жүрөбүз. ЕАЭБ кичинекей кыргыз элинин тышкы саясатынын бир эле барагы болушу керек да. Анткени беш-он жылдан кийин таптакыр башка дүйнөлүк арена болот. Ошондон артка калып жатабыз. Дүйнө эли башка жаңы жеңиштерге жетишип, керек болсо “Марска барабыз” деп жатышат. Азыр Американын ракетасы Айда жүрөт. Биздин эл дүйнөдөн кандай ордун табышы зарыл? Бул суроолорго жооп табуу үчүн жаңы ачылыштарга муктажбыз. Изденип, англис тилин өздөштүргөндөр көбөйүп, өзгөрүшүбүз шарт. Президентибиз Брюсселге барып, жаңы келишимге кол коёруна ишенем. Анткени буга чейинки президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элине чоң чыккынчылык кылган. Биздин өлкөнү “агрессор” делген мамлекетке байлап койгон. Бул тарыхый чыккынчылык экенин ачык айтышыбыз керек. Экинчиси, АКШ менен мамиле түзө алган жокпуз, бул дагы чоң катачылык.
“Бул айтат, тигил айтат” дебей, өз кызыкчылыгыбызды гана көздөп, кандай пайдалуу нерсе алып келсе болот? Кандай муктаждык бар? Кыргыздарга эмне керек?” деген суроолорго күн сайын жооп издешибиз зарыл. Ал үчүн сооданы, билимди, туризмди өнүктүрүү абзел. Дүйнөдөн агылып келген инвесторлорго өлкөбүз толуп, баюуга учур келди. Азыркы жана мурунку адамзаттын башка рецепти жок. Өнүгүүнүн жолу ушул. Чек араларды бекемдеп, ишкерлерди колдоп, криминалды жок кылышыбыз маанилүү. Криминалдык, бандиттик системадан кутулмайынча Кыргызстан жаңы жогорку жашоо сапаттарына жетүүсү өтө оор болот. Ошол себептен ЕАЭБдин ордун кеңейтпей, өз ордунда өнүгүшүн жүргүзүп, дүйнөнүн башка эшиктерин ачсак эмнеге болбосун?! Ошондуктан аракет кылып, дүйнөгө чыгалы. Эски колониялык сезимдерден арылалы. Андыктан, ЕАЭБдин орду Кыргызстандын тышкы саясатынын бир эле баракчасы болушу керек (!) деп дагы кайталагым келет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити