Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШ менен Израилдин жардыруусу... 168 кыз жерге берилди

АКШ менен Израилдин жардыруусу... 168 кыз жерге берилди

04-март, 15:25
619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Иранда АКШ менен Израилдин мектепке жасаган соккусунан улам каза болгон 168 окуучу кыз жерге берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Маалыматка ылайык, каза болгон окуучу кыздардын жаназасында миңдеген адамдар аза кийимдери менен жүрүшкө чыгышкан.

Бул окуяга байланыштуу БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Ирандын Минабе аймагындагы мектепке жасалган сокку боюнча ыкчам жана объективдүү иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, 2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан башталгыч класстын окуучулары билим алган мектепке АКШ жана Израил тарабынан сокку урулганы маалымдалган. Анда курмандыктардын саны 171 адамга жеткени, көпчүлүгү окуучу кыздар экени кабарланган. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 160 кызга казылган мүрзөлөрдүн сүрөтүн жарыялады.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер