Си Цзиньпин: “Кыргызстан менен мамилени жаңы баскычка жылдырууга даярмын”

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жолдоду. Анда Кытай лидери Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгын билдирди.
«Кытай-Кыргызстан мамилелеринин өнүгүшү биздин өлкөлөргө жана элге гана пайда алып келбестен, Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтыкты, туруктуулукту сактоого да салым кошууда. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам, сиз менен тыгыз байланышта болууга, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык ишенимди арттырууга, “Бир алкак, бир жол” демилгесинин негизинде кызматташтыкты тереңдетүүгө, мамилени жаңы баскычка жылдырууга даярмын» деп айтылат кайрылууда.
Бүгүн, 5-январда улуттук филармонияда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.