Акыркы кабарлар
» Саясат » Өмүрбек Текебаевди элчиликтен кетирүү амалдары байкалууда
Өмүрбек Текебаевди элчиликтен кетирүү амалдары байкалууда
08-август, 09:00

Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев күзүндө кызматынан кетиши мүмкүн. Ошондо иштөө мөөнөтүнүн аягына чыкпай калабы? Соңку убакта бийлик короосунда интрига күчөп, Текебаевди элчиликтен кетирүү, ордуна өз кадрды жылдыруу аракеттери байкалганын эшиттик. Албетте, так кесе маселе чечиле элек. Бирок ээрден оодарууга даярдыктар башталганы ырас. Өмүрбек Чиркешовичке саясый айыптар тагылып, анын ишиндеги натыйжалуу көрсөткүчтөр болбогону, пиар менен алектенгени, «тымызын оюндарга» аралашканы негизделип, убактылуу жарга такалышы күтүлүүдө. «Итжыгылыш» таризинде жакынкы айларда кызматтан алынары каралса, уят кылуу таризинде кетирсе... Же кара булутту алдыртан сезген Текебаев өз арызын шашылыш түрдө жазып, баса береби? "Азия Ньюс" гезити











