Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абактагы жигитти кыйнап өлтүрүштүбү же өзү асынып алдыбы?

Абактагы жигитти кыйнап өлтүрүштүбү же өзү асынып алдыбы?

02-декабрь, 17:00
721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

№1 күчөтүлгөн режимдеги абакта жазасын өтөп жаткан 23 жаштагы Эрлан Урматбек уулу камерада асынып, каза болду.

Маркумдун жакындары Эрландын асынып алганына эч кандай негиз жок экенин айтып, ишенбей жатышат. Жакындарынын айтымында, Эрландын денесинде күйүктөн калган тактар болгон. Ошондой эле анын мойнунда муунтулгандын белгилери бар деп билдиришүүдө.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болсо, бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын айтышууда. Эксперттин алдын ала маалыматына караганда, ал өз жанын кыйган.

Абакта жаткан Эрлан Урматбек уулу өз жанын кыйдыбы же аны атайын кыйнап өлтүрүштүбү, белгисиз боюнча калууда.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер