Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саламаттык сактоо министри дүрбөлөңдү баса береби?

Саламаттык сактоо министри дүрбөлөңдү баса береби?

03-июль, 18:58
783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү рубрикабыздын коногу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов болду. Биз эксперттерге “министрдин ишмердигине кандай баа бересиз?” деген собол таштадык.  

Бүбаиша Арстанбекова, “Акыйкат жолу” өкмөттүк эмес уюмдун төрайымы:

-- Саламаттык сактоо министрлиги "орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" дегендей эле болду. Эл күткөн жакшы жагына өзгөрүү болгон жок! Тескерисинче, коронавирустун алдын алуу иш-чаралары жетиштүү деңгээлде болбогондуктан, президентибиз менен Москвага барган делегаттардын арасынан оору жугузгандар чыкты. Бул мамлекетибиздин жана президентибиздин беделин кыйла түшүрүп койду. Ошону менен бирге коррупциялык схеманы өзгөртүп, саламаттык сактоо министрлигинде ачык-айкын иш алып бара турган адис эмес экенин көрсөттү.   Министрлик covid-19 илдетинин алдын алууда багыттуу иш алып барбагандыктан, ооругандардын саны кечээ 439 адамга жетти. Мындан ары ооругандардын саны азаят деп эч ким кепилдик бере албайт! Обсервацияда иш сапардан кайтып келген чиновниктерге өзгөчө жагынып мамиле кылып, үй карантинге чыгарып жана ызы-чуу салгандардан коркуп аларды үйүнө кетирип жибергендин өзү – жалпы элге кыянаттык кылганы болуп эсептелет! Саламаттык сактоо министринин жоопкерчилигин карап, мыйзам чегинде азыр чара көрбөсө, кийин кеч болуп калат.

Гүлзада Шаршеналиева, медиа-эксперт:

-- Жарандык жоопкерчилик керек азыр. Абал курчуп баратат. Дарыгерлер, медайым, санитарлар чарчашты. Иш талапка ылайык уюштурулган эмес. Менимче, кырдаалды өлкө жетекчилигине жымсалдап жеткизип жатышат. Биз го жоопкерчиликти сезели, саламаттык сактоо министринин жоопкерчилиги качан айтылат? Иштей албайбы? Кесипкөй адистерди тарта албайбы? Кырдаалды жөнгө сала албайбы? Кетсин! Өз жоопкерчилигин сезсин.
 
Себеби: 

-- эл менен жакын болуп, так жана даана абалды түшүндүргөн жок;

-- өлкө башчыларына чыныгы кырдаалды жеткизген жок (ошон үчүн Боронов “орун толтура, мамлекет даяр” деп маалымат берип жатат);

-- элде паника. Өзүн-өзү дарылоо менен алек;

-- медиктер корголгон жок, тескерисинче кодуланып жатат;

-- кырдаал курчуп кетерин алдын ала прогноздоп, медперсоналды окутуп, даярдоо керек эле. Андай болгон жок;

-- алгоритм туура эмес түзүлгөндүктөн, көп замандаштарыбыздын көздөрү өтүп кетти.

Айта берсе жетишкендиктен кемчилик көп. Азыр “өзүм билем” дей турган заман эмес. Иш ушундай улана берсе кырылып калабыз. Министрдин ишти улантууга моралдык укугу жок! Дагы  бир жолу айтам, кетсин! Ишбилги адистер тартылсын. 

Элнура Кулуева, “Кыргыз тилектештиги” коомунун төрайымы:

-- 2011-жылы балдарга бир жолу сайылуучу шприцтерди кайра-кайра сайгылашып, 187 (!) балага СПИД илдетин жуктурган окуяны башкы санитардык врач Сабиржан Абдикаримов жашырып койгону боюнча коомчулук жакшы билет. СПИД оорусун жашырабыз деп "шприц окуясынын" айланасындагы коррупциялык схема билинип, чет элдик уюмдар кызматташуудан баш тартып койгон фактылар көп нерсени айтат. Ошондой абал азыр да бычак кырында турат. Бул министр вирус учурдагы абалды эч жөнгө сала алган жок. Мына казактардын жаңы дайындалган министри шак эле 10 аракетин билдирип, иштиктүү программасы менен чыкты. Ал эми Сабиржан Абдикаримов деген министр алдыга бир кадам кыла элек. Ушундай кантип болсун?! 


Ирина Карамушкина, ЖК депутаты:

-- Мен бул адамдын ушу кезге чейин чеке жылыткан бир да ишин билбейт экем. Тескерисинче, башкы санитардык врач болуп түштүктө жүргөндө жаңы төрөлгөн бир канча балдарга ВИЧ СПИД жугузганы боюнча имиш кептер тарап, аны жашырып койгону боюнча элдин баары дүрбөлөңгө түшкөн. Ушундан улам жумушунан бошотушкан. Учурда кырдаал ойдогудай эмес. Эл министрден эмнени талап кылып атат? Ошол түштүктөгү адатындай калп айтып, жаап-жашырбай, болгон нерсени болгондой, ачык-айкын, кандай кыйынчылыктар болуп атат, ал кыйынчылыктарды канткенде жойсо болорун, КОВИД-19 менен канча адам набыт болду, сырттан келген каражаттар кай жакка жумшалып атканы боюнча так маалыматты коомчулукка айтып, бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болушу керек эле. Чечкиндүү кадамдарды жасай албаган, “сен мага тийбе, мен сага тийбейин” деген адам окшойт. Бир сөз менен айтканда, министрдей касиети байкалбаган байкуш адам өңдөнөт. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер