Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов: “Бөлтүрүк үчүн 1 миллиард сом “чөнтөк чыгымы” сыяктуу эле нерсе болсо керек”

Тазабек Икрамов: “Бөлтүрүк үчүн 1 миллиард сом “чөнтөк чыгымы” сыяктуу эле нерсе болсо керек”

15-сентябрь, 22:43
335 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, бир катар депутаттар, анын ичинде сиз да Кумтөр боюнча маалымат берилишин талап кылдыңыздар. Бул Бөлтүрүктүн камалышына  байланыштуубу?  

-- Бүгүн өкмөттү чакырып, кышка даярдык, Кумтөрдүн ишмердүүлүгү, мигранттар маселеси боюнча Акылбек Үсөнбековичтин маалыматын укмакпыз. Кумтөр боюнча күмөн жараткан суроолор көп. 19 тонна алтын боюнча да толук маалымат бериле элек. Албетте, 1 миллиард сом чоң акча, бирок, менин оюмча, Бөлтүрүк үчүн бул сумма “чөнтөк чыгымы” сыяктуу эле нерсе болсо керек. 1 миллиард сом азык-түлүккө, бензинге эле корогон сумма. Тереңдеп текшерсе, дагы көп каржылык мыйзам бузуулар чыгышы мүмкүн. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дейт эмеспи, бүгүнкү күндө тез эле билинет. Биз өзүбүздүн ишенбестигибизди башынан эле көрсөтүп келгенбиз. Бирок, ошого карабастан, “бул алтын киши” деп мактап атышып, аягы мындай болуп отурат...

-- Эми бул ишти укук коргоо органдары эле иликтегени жетиштүүбү, же депутаттар да кийлигишсе туурабы?

-- Алтын кыргыз элинин байлыгы болгон соң, сөзсүз депутаттык комиссия түзүлүшү керек. “Комиссия түзүүгө жеткизбей эле палатага келип ачык отчётубузду беребиз” дешкен, бирок, убакытты созуп атышпайбы... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер