Жанар Кадыралиев, астролог: “Атамбаев президенттик кызматка барбайт. Өзүнүн адамын сүрөйт”
-- Жанар мырза, астрологдун байкоосунда Кыргызстандын тышкы саясатына көз чаптырсак болобу? Жылдыздардын жайгашышы эмне деп атат?
-- Эми тышкы саясат дегенде эле бизге жакын Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал көңүлгө түшөт. Эртели-кеч бу жаңжал аягына чыга турган болуп калды. Кээ бир эркин ой чабытта жүргөн адамдар, анын ичинде саясатчылар “Украина менен Россиянын согушу Украинанын жеңиши менен аяктайт. Анткени АКШ кызыкдар болуп, курал-жарак, ок-дары менен камсыз кылууда” деген ойго жетеленип айтып атышат. Жылдыздардын жайгашышында Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленскийдин акыбалы мындан ары оорлошу күтүлүүдө. Кыска мөөнөттүн ичинде президенттик тактан кулайт. Керек болсо өмүрүнө коркунуч жарата турган күндөр жакындап калгансыйт. Дегеним, Зеленскийге кол салууну ойлоштуруп аткан адамдар жок эмес экенин эскертүү катары айткым келди.
-- А биздин мамлекеттин позициясы кандай болушу керек?
-- Украина алсырагандан кийин Россия президенти өз күчүнө ишенген саясатчы катары жакын санаалаш мамлекет башчылары менен иш алпаруу аракетин күчөтө баштайт. Кимдер менен геосаясатта бирге болорун В.Путин эбак эле пландап, 20га жакын мамлекетти тизмеге киргизип койгон. Биздин мамлекет башчылары “мындай учурда Россия президентине сүймөнчүк болушум керек” деген ойдон алыс болуп, салкын кандуу, сабырдуу позицияны кармануусу шарт. Кээ бир мамлекет башчылары Путиндин этегине намаз окуй коём деп, тебилип кетиши мүмкүн.
-- Жанар, эми ички сасясаттан айт. Бир кезде “Атамбаев түрмөдөн чыгат” дедиң эле, а киши чыкты. Мындан аркысы эмне болот?
-- Ооба, сиздердин гезитке “Атамбаев түрмөдөн чыгат” деп маек бергенден кийин көптөрү ишенген эмес. Мен болгону жылдыздардын жайгашышы, адамдарга тийгизген таасирин, кайсы учурда эмне күтүп атат, эмнеден оолак болуп, эмнеден коркпош керек жана терс жагдайларды эскертүү катары айтып жүрөм. Өз оюмдан эч нерсе чыгарбайм. Экөөбүздүн акыркы маегибизде айткандарымдын 90 пайыздан ашыгы дал келди. Ал жерде Кемпир-Абад боюнча да сөз болгон. Айткандарымдын баары дал келип атат.
Ал эми Атамбаев жөнүндө айта турган болсом, бу киши кыргыз саясатынан кетпейт. Саламаттыгын чыңагандан кийин кайтып келет да, катуу киришет. Керек болсо, кийинки президенттик шайлоого катуу таасирин тийгизе баштайт. Бу жерде Атамбаев өзү президенттик кызматка барбайт. Барбаган менен өзүнүн адамын президент кылат.
-- Кечириңиз, ал адам Сапар Исаков эмеспи?
-- Көптөрү ошондой ойлоп калышы ыктымал. Сапар Исаков президенттик “арабаны” тартып кете албайт. Билими, тажрыйбасы жетпейт. Атамбаев башка адамды алып чыгат. Ал адам азыр көмүскөдө.
-- Атамбаевдин бийлиги учурунда 9-бөлүмдү жетектеген Болот Сүйүмбаев эмеспи?..
-- Атамбаевди акырына чейин сатпаган адамдардын бирөө...