Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдай Турсунбекова: “Атам бизнестен кыйынчылыктарга туш келгенин көп айтчу эле”

Айдай Турсунбекова: “Атам бизнестен кыйынчылыктарга туш келгенин көп айтчу эле”

04-август, 17:19
1 094 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү инсан Чыныбай Турсунбековдун кызы социалдык баракчасына атасын эскерди. “Атам «миллионердин миллион карызы болот» деп айтчу. Бизге бизнести кантип баштаганын, кандай кыйынчылыктарга туш келгенин көп айтар эле. Бизди ошолордон сабак алсын дечү окшойт. Ал «алгач 1996-жылы Европалык өнүктүрүү банктан 170 миң доллар кредит алып, тилекке каршы, анын 124 миң долларын түрктөргө жедирип жибердим. Агамдын, бажамдын, өзүмдүн үйлөрүмдү күрөөгө койгон элем, баарыбыздын акыбалыбыз кыйын кырдаалга кептелди. Тааныган кишилерден карызга алынган акчаны өндүрүшкө салып, карыздан кутулууга аракет кылдым. Кредиттен кредит алдым. Ошол мезгилде 148 пайызга чейин алган учурларым болгон. Анан Түркияда элчиликте иштеген аксакалыбыз 40 пайыз менен кредит берип, ошону менен эки жылда карыздардан кутулдум. Күн-түн дебей иштеп, экинчи жылда дагы 100 тонналык тегирмен курууга жетиштим. Ал учурда иштин көптүгүнөн үйдөн саат 6да чыгып, кечинде 11де кайтчубуз. Маңдай тер менен «Акун» фирмасын бутка тургуздук. Мен «Акунду» 13 жыл башкардым, ал аралыкта ишкананын ичинде 9 фабрика ачтык. Германиядан кыска макарон чыгарган, Италиядан спагетти чыгарган, Кытайдан кесме чыгарган жабдууларды алып, өндүрүштү күчтөндүрдүм. Айтор, жыл сайын, ашып кетсе эки жылда бирден фабрика ачып, 13 жылда тогузга жеткирдик. Үзүрлүү иштеген экенбиз, чакан аралыкта өндүрүштөгү лидерге айландык» деген.

Апам 2000-жылы биринчи чоң 2 млн. 400 миң долларлык кредит алышканын көп эскерчү. Ал кредитке немецтердин технологиясы менен иштей турган макарон фабрикасын курушкан. Бул чоң суммадагы кредитти алыш үчүн ошол кездеги иштеп жаткан баардык компанияларын күрөөгө коюшкан.

Апамдын айтуусу боюнча, ал бул кредитти алганга каршы болгонун, бирок атам «биз бул кредитти тобокелчиликке салып албасак, компанияны өстүрө да, өнүктүрө да албайбыз» дегенинен поручитель болуп кол коюп берген. Бирок, ошондогу колунун калтыраганын көпкө чейин унута албай жүрүптүр.

Атам түзүп кеткен компаниялар өлкөдөгү ири салык төлөөчү ишканалардын катарында, жылына 200 млн. сомго чейин бюджетке акча которушат. Жыл сайын жылдын жыйынтыгын чыгарган чогулушта атам дайыма компанияда иштеген жумушчу-кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алар жеке эле өз үй- бүлөлөрүн бакпай, өлкөнүн өнүгүшүнө да чоң салымын кошуп жаткандарын, анткени, бюджетке төлөнгөн салыктын эсебинен эл пенсия, пособие, мугалимдер менен врачтарга айлык аларын айтчу эле”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер