Акыркы кабарлар
» Коом » Мамлекетти сотко берүүнү каалаган 90 ата-эне бар
Мамлекетти сотко берүүнү каалаган 90 ата-эне бар
06-июль, 12:09

Балдарына дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ илдети жуккан балдардын ата-энелери моралдык кенемте талап кылууда. Ата-энелер мамлекет балдарына 1 млн. сом кенемте төлөп бериши керек деп эсептешет. Алардын кызыкчылыгын коргогон “Өнөктөштүк желеси” деп аталган ассоциациянын башчысы Айбар Султангазиевдин айтуусунда, мамлекетти сотко берүүнү каалаган 90 ата-эне бар.
“Биздин ассоциациянын жана "Сорос-Кыргызстан" фондунун юристтери тарабынан учурда төрт ата-эненин арызы сотко берилди. Башкалары да кайрылышкан, бирок документтериндеги мүчүлүштүктөр бар, айрымдары мурда алышкан экен, ошолордун арасынан азырынча төртөөнүн атынан ишеним каттар жана арыздар сотко берилди”.
Юристтин айтуусунда, буга чейин соттун чечими менен мамлекет тарабынан 500 миң сом төлөп берүү милдеттендирилсе, айрым энелер 50 миң сомго да макул болушкан. Айрымдары балдарына ВИЧ жукканын эпидкомиссия аркылуу иликтешкен эмес.