Ильич Кулназаров, журналист: “Бир дааватчы канча түйшүк жаратты?”
“Нарында вируска себепчи адам Пакистанга барып, даават айтып келиптир!.. Сөз жок! Эч жакка чыкпоо боюнча эскертилгение карабай, Бишкектеги уулунун үйүндө 4 күн жатыптыр. 4 күндөн кийин 7 орунду такси менен Бишкектен Нарынга келиптир! Анан обсервацияга жаткырылат. 28-мартта анализинен коронавирус чыгыптыр. Эми ошол “эл аралык” дааватчынын айынан аны менен байланышта болгон адамдардын баардыгы көзөмөлгө алынып, биринчи категориядагы контакт болгон 15 адамдан анализ алынды. Үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга жаткырылды. Андан сырткары, экинчи категориядагы контакт болгон 127 адамга үйүнөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жашаган көчөлөрүнө посттор коюлду! Карагылачы, бир даватчынын айынан…” деп Фейсбук баракчасына журналист Илич Кулназаров жазып чыкты.