“Жөнөкөй элдин жонунан жоон кайыш тилинип жаткандай эле сезилет...”
-- Карапайым эл ичинде коммуналдык төлөмдөрдүн кымбаттаганы, тарифтердин көтөрүлгөнү, жалпы салык саясатынын оорлогону тынчсыздануу жаратып келет го? Сиздин пикириңиз кандай?
Чынара Төрөкулова, жеке ишкер:
-- Коммуналдык төлөмдөрдүн кымбаттаганы жөнөкөй элдин жонунан жоон кайыш тилинип жаткандай сезилет. Байкашыма караганда, байлар баягыдай жүз миңдеген акчаны төлөбөй эле жүрүшөт. А карапайым эл кыйналганы кыйналган. Мына бизди Бишкек шаардын мэри гезит саткан күркө ээлерин “жаңы, заманбап үлгүдө жасасаңар тоскоол болбойбуз, гезит-журналыңарды сата бергиле” деп жаңы жасаттырып, анан алып барып штраф стоянкага таштап салды, учурда биздин үнүбүздү уккан киши жок, көйгөйдү эч ким чечпейт. Атайын кызматтар биринин кебин бири укпай, айтор, футбол тобун да мынчалык тепкилешпегендей. Коммуналдык төлөмдөр аябай көтөрүлдү. Карапайым эл ары карап ыйлап, бери карап күлүмүш этип, төлөчүсүн төлөп атышат. Ошол эле учурда суу, газ кызматтары жакшырып кеткенин байкабадым. Суу түтүктөрү эскирип, чекесинен чирип баштады. Аларды алмаштырышкан жок. Газдын бир кубу 20 сомдон ашты. Таштанды үчүн эсеп-дүмүрчөк төрт кишиге деп келет. “Уулум экөөбүз гана жашайбыз, жолдошум каза болгон” десем, “справка алып кел” дейт. Домком жок, справка эч ким бербейт. Крышадан суу агып, үч жылдан бери көгөргөн жерде отурам, ага эч кимдин башы оорубайт. Барсам, “ТСЖ түзгүлө” деген шылтоо айтышат.
Эрлан Жамгырчиев, КР сумо күрөшү федерациясынын вице-президенти:
-- “Өз укугубузду коргойбуз. Биздин укугубуз бузулуп атат!” деп айгайлаган калкпыз. Бул бир четинен жакшы көрүнүш. Бүткүл дүйнө жүзү бир орунда турган жок, баардыгы өнүгүүдө. Ошонун алкагында дейбизби, же таасириндеби, биздин эл да жашоонун жакшы жактарына умтулуп, укук ээлери экенин айгинелеп атат. Бирок, алардын укугун аткарганга милдетин алган адам көрүнбөйт. Кептин баары ушунда. Мамлекет милдетин аткарууда “каражат керек” деп коммуналдык төлөмдү барган сайын көтөрүүдө. А каражат салыктан чогулат эмеспи. Ошол эле учурда коммуналдык төлөмдөрдөн, салыктан чогулган акчалар уурдалбай, максаттуу жумшалуудабы? Маселе ушунда жатат!
Рита Карасартова, укук коргоочу:
-- Жеке пикиримде, ар бир төлөмдү өз алдынча караш керек. Тариф – экономикалык система. Кетип аткан чыгымдарды жалпы колдонуучуларга бөлгөндө, өздүк (себестоимость) баасы чыгат. Коммуналдык бааларды айта турган болсок, ошол эле таза суу, саркынды сууга болгон баалардын көтөрүлгөнүнүн аркасында чоң маани бар. Жөнөкөй, карапайым элде түкшүмөлдүктөр бар. “Ой, суу башында турабыз. Эмнеге бизге сатылышы керек? Бизге бекер болушу кажет эле” деген ой толгоолор туулбай койбойт. Бир нерсени карап көрөлү, кээ бир айылдарда ушу кезге чейин таза суу жок. Жакынкы айылдан же 4-5 чакырым жерден фляга же желим идиштер менен ташып келип ичишет. Ошондо канча деген чыгым кетүүдө? Биздин элге маалымдайлы. “Суу бекер, сиздин үйдүн ичине киргенге чейин канча деген жерден келет, түтүктөрү коюлушу керек, жарактан чыкса алмашат. Жер алдынан эмне деген машакат менен сордурулат? Канча деген электр энергия коройт? Канча деген кишилерге айлык төлөнөт (?) ж.б. кызматынын баасы” деп жалпы карапайым элге түшүндүрмө берип туруп, анан бааны көтөрүп туруу абзел. Бул маселе баардык коммуналдык кызматтарга тийешелүү деп ойлойм...