Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Италияда өлгөн адамдарды бир чуңкурга төгүп аткан видео фейк”

“Италияда өлгөн адамдарды бир чуңкурга төгүп аткан видео фейк”

02-апрель, 16:49
1 787 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда жаман дарттын айынан дүйнөнүн төрт тарабындагы мекендештерибиз да кыйын абалга кабылып, оор күндөрдү кечирип жаткан учурлары. Кандай кыйынчылыкка кабылышса да, мекенге тынчтык, коопсуздук тилеп отурган учурлары. Италиянын Феррара деген аймагында жашаган Саламат Алымгазиевага суроолорубузду жолдодук. 

--Италияда акыркы абал кандай болууда?

--Дагы деле оор ахыбал өкүм сүрүп атат. Азыркы учурда жуктургандардын саны азайып калды. Кубандырганы жаш жана ден-соолугу жакшы организмдер айыгышууда. Бирок каза болгондордун саны азая элек. Ар бир күнү эле 700-800дөй өлүм катталып жатат. Айрыкча кары адамдардын саны көп. Мындай абал 15-марттарда 300-350 өлүм болсо, ошондон бери уланып келет.

--Адамдардын жансыз денесин чогултуп бир чуңкурга төгүп жаткан видеолор тарады. Бул чындыкпы?

--Мен да көрүп калдым. Фейк видеолор. Аны коркунучтуу тасмалар үчүн тартылганын аскер адамдары айтып калышты. Биздин Европада мындай болушу мүмкүн эмес. Каза болуп калгандардын аттарын аташып, өзгөчө жайларда өрттөп жатышат. Атайын сөөктүн күлү салынган идиштери болот. Каалоочулардын жакындары алып кетишет. Баары ачык эле көрсөтүлүүдө. Сөөк коюу ар кимдин өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша. Мен мурда колунда бар бай абышканы карап, иштеп калдым. Ал өзүнүн тууган уруктарынын сөөктөрүн коюуга атайын капелла -- “күмбөз сыяктуу жай” курдурган... 

--Италияда каза болгон адамдарды кантип жерге беришет?

--Бул жакта жер таап, сөөк коюу квартира сатып алганга тете. Колунда жок адамды өрттөп туруп, адам баспай турган жайга төгүп салганын угам. Акыркы убактарда өрттөгөндөн кийин кутучага салып, бир жерге сактаганга аракет кылышууда. Айрымдар өрттөп, деңизге чачып жиберишет. 

--Кыргыз элине кандай кебиң бар?

--Кыргызстандан келген кыз-келиндердин көпчүлүгү кары адамдарды багышат. Өз алдынча иштеген ишкерлер да бар. Италия европа аймагында эпидемиянын күчөгөн жерине айланды. Кырдаал оор. Биз кары адамдарды карап иштегендиктен, жумушубуз токтогон жок. Карантинде карап отурабыз. Бирок оюбуздун баары өз өлкөбүздө. Италиядагы мекендештер сиздерге ушундай кыйын учурда сабырдуулукту, ынтымакты каалашат...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер