» Саясат » Күзгө карай бийликке каршы батышчыл саясатчылар тобу баш көтөрүшөбү?
Күзгө карай бийликке каршы батышчыл саясатчылар тобу баш көтөрүшөбү?
25-июль, 09:00
324 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Буга чейин камалган саясатчы, активисттердин көпчүлүгү АКШ, Батыш өлкөлөрү менен кызматташып келишкендер, алардын долбоорлорун жүзөгө ашыргандар экенин байкоого болот. Айрымдары камактан чыгышса, көпчүлүгү дале отурушат. Убакыттын өтүшүнө жараша маалы менен туруктуулукту бузууга, башаламандык уюштурууга шектелген саясат ышкыбоздору да камалышууда. Бийлик да бир нерседен айбыкккандай болуп, “кыңк” эте каш кайтаргандарды баса калып атат. Саясат чордону үчүн тышкы күчтөрдөн келе турган каражаттарды атайын кызматтар бөгөт коюуга аракет жасашканы, тымызын күрөш чыңалып баратканы аныкпы? Учурда жай аптабы болуп, “майдан салгылашуусу” басаңдап калгандай. А күзгө карай кандай оюндар орун алышы мүмкүн? Негизги оппозициячыл күчтөр абак артында жатышат. Эркиндикке чыккандары “соодалашып” алыштыбы, кыязы, унчукпай калышты. Ошол эле кезде АКШ Кыргызстанга экономикалык чара көрүүгө ашыгып, кысымга алуусун күчөтөрүн жашырган жок. Өлкөбүздөгү товарлардын Россияга чыгып атканын бетке кармашып, өздөрүнүн шарттарын таңуулай башташты. Кыскасы, сырткы күчтөр Кыргызстандагы саясый кырдаалга таасир этүүгө, үстөмдүк жасоого кызыкдар экени байкалууда. Мындай шартта кайсы оппозициялык лидерлерди пайдалана алышат? Сентябрга карай бийликке каршы саясатчылар топтому баш көтөрүшөбү? Эмесе, абай сала туралы.