Дастан Жумабеков: “Курултай жөнүндө конституциялык мыйзам иштелип чыгышы керек”
-- Дастан Артисбекович, эртең элдик курултай өтөт. Кандай ойлойсуз, ал эл менен бийликтин ортосуна көпүрө боло алабы?
-- Угушубузга караганда, делегаттардын баары катталып бүтүптүр. “Аймактардан, айылдардан келе турган делегаттардын баары дайын болду” деп угуп атабыз. Мен ойлоп атам, жер-жерлерден келген делегаттар өздөрүнүн райондогу, айыл өкмөтүндөгү, айылдагы көйгөй маселелерди айтышат болуш керек. Мектеп, жол, таза суу, бала бакча сыяктуу маселелер көтөрүлөт. Президентибиз айтылган ой-сунуштардын баарын жазып алып, ошонун негизинде чечимдерди кабыл алат деген ойдомун.
-- Аймактагы көйгөйлөрдү сиздер (депутаттар) деле көтөрүп жатпайсыздарбы? Ошондой болгон соң курултай институтунун кереги бар беле?
-- Биз жаңы Конституцияны кабыл албадыкпы. Ошол Конституцияда “Элдик курултай” деп так жазылып калган. Анын алдында конституциялык мыйзам иштелип чыгышы керек эле, бирок ал жазылбай калды. Тагыраагы, жазылып, бирок Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралбай калды. Себеби, көп жагынан Жогорку Кеңештеги иш-чараларга окшош болуп калыптыр. Ошонун негизинде мыйзам долбоору артка кайтарылган. Мыйзам иштелип чыгышы керек. Башмыйзамда “Элдик курултай” деп каралгандан кийин ал милдеттүү түрдө аткырылышы керек да. Бул – талап. Курултай өткөндөн кийин ал боюнча мыйзам иштелип чыгат деген ойдомун. Эл Конституцияга 80 пайыздан ашык добуш бербедиби. Балким, курултайды жактырып, ошон үчүн Конституцияны колдоп бергендир. Бул мыйзамдуу көрүнүш.
"Азия Ньюс" гезити