Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Коррупция менен күрөшкөндөрдүн үстүнөн көзөмөлдөө зарыл”

Бакыт Бакетаев: “Коррупция менен күрөшкөндөрдүн үстүнөн көзөмөлдөө зарыл”

16-январь, 13:54
1 436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сыймык Жапыкеев шайлоого чейин коррупцияга шектелгендердин үстүнөн катуу иш жүрөрүн айтты эле. Эми шайлоо өтүп, Кубатбек Бороновдун суракка чакырылганы маалымдалды. Дегеле коррупция менен күрөштүн натыйжасы эл күткөндөй боло алабы?

-- 2010-жылы коррупцияга каршы күрөш боюнча агенттик бар эле. Ошол жерде Жапаров өзү комиссар болчу. Аны кайрадан жандандырса, пайдасы көп болот. Коррупция менен күрөштө интеллектуалдуу куралды колдонуу зарыл. Күч органдары менен аны жеңүү кыйын. Коррупция менен күрөшкөндөрдүн үстүнөн дагы күрөшүү керек. Кыскасы, коррупция менен күрөштө реформага баруу маанилүү. Антпесе, ал баягы 30 жылдык калыбында кала берет. 

-- Ошондо азыркы күрөш эч кандай натыйжа алып келбейт деген ойдосузбу? 

-- Натыйжасы жок болуп жатканын көрүп атпайбызбы. Буларды камаса, кайра жаңылары пайда болот. Алардын артынан Жапыкеевдин, Жапаровдун жанындагылар да аралашып кетиши мүмкүн. Түзүлүп калган схемаларды иштете беришет. Далилдери так жана анык болушу маанилүү. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы модели менен иш алып барбаса, муну эч ким жеңе албайт. Жапаров айткандай, зыян келтиргендердин ар бирин эле коё берүүгө болбойт. Статьяга жараша иш алып баруу зарыл.

-- Пандемия учурунда шалаакылык кылгандардын баары жоопко тартылары айтылууда. Анын башы кимге барып такалышы мүмкүн? 

-- Ошол кезде кимдерге тийешелүү болсо, баардыгы керт башы менен жооп бериши шарт. Ал эми экс-президентке келсек, анын моралдык жоопкерчилиги бар.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер