Жибек Туратбекова: “Энелерибиз үйрөткөн илгерки буюмдарды жасайбыз"

Алай ишкер айымдарынын Чоң-Алайдагы филиалынын директору менен маек.
-- Жибек, кол өнөрчүлүктү кимден үйрөндүңүз эле?
-- Мен Дароот-Коргон айылында жашайм. Алты баланын энесимин. Кол өнөрчүлүктү апаман үйрөнгөм. Апам учурунда аябай чебер аял болгон, азыр 73 жашта. Мен да апамдын жасаган буюмдарын көрүп, кошо жасап жүрүп эле үйрөнүп алдым. Алгач баштаганда 3-класста окусам керек эле. Биздин Чоң-Алайда салт болуп калган: кызга сеп бергенде сөзсүз килем, таар берет. Алгач өндүрүш ачып, иш баштаганда баштан бир топ эле кыйынчылыктар өттү. Сапатсыз жасап, же өң-түсүн туура эмес тандап алган күндөрүбүз болду. Швейцария каржылаган долбоор, дизайнерлердин барганы бизге чоң жардам болду. Алар бир үй-бүлөгө эмес, жалпы Чоң-Алайга жардам беришти. Себеби, сапатка үйрөнсөң, чет өлкөлөргө чыгып, жарманкелерге коркпой катыша алат экенсиң.
-- Ошондо сиздер эмне жасайсыздар?
-- Килем, таар, жоолук, кийиз тапочка, айтор, энелерибиз илгертен жасап келген буюмдардын баарын эле жасайбыз. Кийим тиккен да цехибиз бар. 252 аял аябай ынтымактуубуз. Ар кимге өзүнүн чеберчилигине жараша ишти бөлүп беребиз. Мени сүйүнткөн нерсе, жолдошторубуз да кызыкдар бул ишке.
-- Даярдаган продукцияны каякка сатасыздар?
-- Буга чейин жергиликтүү рынокко чыгарчубуз. Германияга, Россияга алып бардык. Ал жактан да заказдар келип жатат. Аларда койдун жүнүнөн жасалган продукциялар аябай бааланат. Жакында Ташкентке да барып келдик. Кол өнөрчүлүктө да бир нерсе бар, суроо-талапты караш керек. Биз да базарлардагы суроо-талапты изилдеп, ошого жараша продукция даярдайбыз.
-- Ишиңиздер жакшы эле киреше береби?
-- Кудайга шүгүр. Ар ким иштегенине жараша табат. Баары алган акчаларына ыраазы. Себеби биздин райондо чоң өндүрүш, жүздөгөн-миңдеген киши иштечү ишканалар жок. Жашообуз негизинен мал менен. Анан койдун жүнүн иштетүү, колго жасалган буюмдар көп үй-бүлөлөргө бир топ кошумча киреше берет. Жүндү жууп, ийриген, таар, килем кылып соккон аялдар бар.