Акыркы кабарлар
» Саясат » Чыныгы генералдар: Феликс Кулов, Өмүрбек Суваналиев жана Сүйүнбек Өмүрзаков!
Чыныгы генералдар: Феликс Кулов, Өмүрбек Суваналиев жана Сүйүнбек Өмүрзаков!
03-ноябрь, 12:14

Генералдар катмарынан үч фигура өзгөчө. Феликс Кулов, Өмүрбек Суваналиев жана Сүйүнбек Өмүрзаков... Сиздерди өтүп кеткен милиция күнү менен куттуктайбыз! Ар дайым калыстыктан тайбай, өлкө келечегине кам көрө бериңиздер. Эң башкысы, адилеттүү сөз, туура багыт бере билүү маанилүү. Сиздерге түздөнгөн миңдеген погончондор, миллиондогон калкыбыз бар. Кеп кызматта болушта эмес, ириде туура жол көрсөтүүдө, элдин кызыкчылыгы үчүн акыйкат кепти айта билүүдө. Мындай сапаттар биздин каармандарда жетиштүү. Демек, келечекке карай үмүт бар. Бар болуңуздар, милициянын чыныгы генералдары! "Азия Ньюс" гезити











