Акыркы кабарлар
» Саясат » Атамбаевди жамандашып, карьералык секирик жасагандар бактысыздар...
Атамбаевди жамандашып, карьералык секирик жасагандар бактысыздар...
03-сентябрь, 17:51
829 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Тагдырдын тамашасын кара. Алмазбек Атамбаевден оомат кеткенден кийин айрым саясатчылар ыңгайды пайдаланып калышты. Экс-президентти тынымсыз жамандап жатышып, жол тапкычтары элчиликтерге кетишти, айрымдары жогорку кызматтарга илиништи, калганы бийликтин партиялары менен депутаттык мандат алууга жулунушту. Айтор, жыгылганды тепкилешип, андан маашыр алышып, карьера жасагандарды элестетип атсаңар керек. Андайлар тирүү болушса кийинки бийликке да чап жармашары, түстөрүн өзгөртүп кетишери ырас. Кыскасы, Атамбаевди шыбап жүрүп карьералык секирик жасагандар ичинен кымыңдашып, жыргап жатышкандыр. Бирок, абийир соту алдында алар бактысыздар... Тынч укташабы?..
"Азия Ньюс" гезити