Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: “Жарасул Абдураимовду “Кыргызалтынга” коюп, келишим түзүлгөндөн кийин кетиргени кандай?”

Исхак Масалиев: “Жарасул Абдураимовду “Кыргызалтынга” коюп, келишим түзүлгөндөн кийин кетиргени кандай?”

08-сентябрь, 21:25
473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөр боюнча маалымат берилишин талап кылдыңыз. Маалымат берилип эле жатпайбы, же алар жетишсизби?

-- Толук маалымат бериле элек. Келишим кандай шарттарда, кандай эрежелер менен түзүлгөн? Ал эми казылган алтын боюнча айтсак, мен алган маалымат боюнча, 2021-жылы 14 тонна 231 кило өндүрүлгөн. Ал эми президентибиз “19 тонна саттык” дейт. Эки грамм, же 2 кило эмес, беш тонна айырма болуп жатат. Балким, ушул жылдыкын да саткандыр, билбейм аны. Мен үчүн түшүнүксүз. “Мейли, кен Кыргызстанга өтүп кетсин” деп ушу кезге чейин унчукпай отурдум. Бирок, кийинки кездерде күмөн санай баштадым. Ишенген Бөлтүрүков жанагинтип кызматтан бошосо, бирок ошол эле мезгилде миллиарддаган акчасы бар фондду кайтартып койсо... Жарасул Абдураимовду “Кыргызалтынга” коюп, келишим түзүлгөндөн кийин кетиргени кандай?

-- Анда бул кадрдык алмашуулар жөн эмес дейсизби?

-- Эмне, Жарасул өзүнө өзү аң казмак беле? Эки-үч ай иштегенден кийин кетип атат. Демек, маалымат укканда ал кишилерди да чакырыш керек. Келишимди бизге дагы көрсөтүшсүн да. Эң башкысы, “Центерранын” ишмердүүлүгүн биз мыйзам менен бекиткен болчубуз. Адегенде ошол мыйзамды жокко чыгарып, анан келишим түзүш керек эле да. Мыйзам иштеп жаткан учурда өкмөт эч кандай келишим түзө албайт. Баарын мыйзамга дал келтиришсе жакшы болмок. 

-- Президент Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамды кайра артка кайтарбадыбы. Пикир келишпестиктер эмнеден улам?

-- Ал жерде көптөгөн пикир келишпестиктер бар. Биз алардын кээ бирлери менен макул болсок, айрымдары менен мен макул эмесмин. Мисалы, “өкмөттүк саатты белгилеп, өкмөттү чакырганга укугуңар жок” дейт. Биздин жазылган мыйзамдарды көзөмөлдөө боюнча түздөн-түз укугубуз бар. Өкмөт жөнүндөгү мыйзамды биз кабыл алып жатабыз, демек, “ошо мыйзамдын аткарылышы” деп атап, чакырсак болот да. Мен ойлоп атам, администрациядагы бизге жооп даярдаган кызматкерлер бир аз түшүнбөстүк кылып коюшкан. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер