Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сапар Аргынбаев: “Энергетика тармагын Ширшовдун саясатын жүргүзгөн адамдар ээлеп алышты”

Сапар Аргынбаев: “Энергетика тармагын Ширшовдун саясатын жүргүзгөн адамдар ээлеп алышты”

24-июнь, 19:15
2 823 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаңы дайындалган энергетика министри бул тармакта баары жакшы болот, жаман ойдон алыс болгула дегендей оюн айтты. Энергетик катары айтсаңыз, бул жаатта жакынкы жылдар ичинде жакшы жакка өзгөрүүлөр болобу?

-- Энергетика тармагында жакында эч кандай өзгөрүү болбойт. Муну так айта алам. Себеби, азыркы энергобашкаруучулар ошого алып баратышат. Жетекчилик беш-алты ай мурда айткан сөзүн унутуп, учурда башканы сүйлөп атат. Ушул кезде энергетика тармагын Ширшовдун саясатын жүргүзгөн адамдар ээлеп алышты. Алардан кандай нерсе күтсө болот? Менимче, бул жүрүш менен энергетикада бир чоң авария болуп, элге жылуулукту берүү үчүн техникалык дагы мүмкүнчүлүк болбой калат.

-- Эгер чын эле сиз айткандай абалга бараткан болсо, ага кандай себептер бар?

-- Булар азыр мамлекеттик бөлүштүрүүчү компанияларды талкалоо аракетинде баратат. Бул саясат менен 2-3 жыл ичинде түбүнө жетип бүтүрүшүп, жалаң жеке компаниялар иш алып барып калат. Бул жерде чиновниктердин кызыкчылыгы бар. 

-- Талаш жараткан тариф саясаты боюнча өзгөрүүлөргө кандай пикир айтасыз?

-- Ал боюнча элге жана өндүрүш үчүн колдонуу тарифи болуп экиге эле бөлүнүш керек. Азыркы 1000 кВт/саатка чейин бир тариф, андан өткөндө башка тарифтин коюлганы эң ыңгайлуу коррупциялык системанын амалы. Кайра башка тарифке өткөрүп койгону болбосо, өзгөрүү жок.

-- Электр энергиясынын наркын жалпы элге бирдей баада сатууда ар кандай кыйынчылыктар жаралып, төлөй албай калгандар болушу мүмкүн экени айтылып жатпайбы...

-- Мен райондорду сураштырдым. Эгер бир райондо 23 миң абонент болсо, анын 230у гана социалдык тарифке муктаж экен. Эми ушундан баа көтөрүлсө, эл төлөй албайт (!) деген саясат жүргүзүп жатышат. Бирок, бул тармакка эмне үчүн  коррупцияга малынгандар келүүдө? Энергетиканы жеп-ичкен чиновниктерге карата эмнеге чара көрүлбөйт? деген суроолорго жооп жок. Ошон үчүн бааны көтөрүүдө да моралдык укук болуп, эл ошолорго ишениши керек. Азыр элде андай ишеним жок.  


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер