Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясат чордонунда: “75чилер”, “кускандар”, камалгандар, кызматтан куулгандар...

Саясат чордонунда: “75чилер”, “кускандар”, камалгандар, кызматтан куулгандар...

26-июль, 19:13
0 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Кечээ “Дасмияда” бийликти колдогон аксакал-көксакалдар чогулушуп, чай үстүндө “алтын шилекейлерин” чачыратышып, ой-да бакылдашты. Курсактары кампайып атышса, мактоо сөздөрдү аяшмак беле?  

     Камчыбек Ташиевди сүрөгөн “75чилердин” айрымдары бийлик тарапка өтүп кетишкени кызык. Академик Миталип Мамытов уча алып, акыл айтканга жараса, Ибрагим Жунусов менен Курсан Асанов жалындуу сөздөрүн жаадырышып, камыр-жумур аралашып кетишиптир... 

     Ири суммадагы алдамчылыкка айыпталып, камалып чыккан Жаныбек Кубандыков да бака-шака түшүп жүрдү. Өгүнү колуна кишен салынып, конвойлор сүйрөп жүргөнүн унутуп койгон окшойт...

     Каныбек Иманалиев менен Алтынбек Сулайманов бийликти мактап сүйлөөдөн сылык түрдө баш тартышып, эстүүлүк кылышканын айтышты. Эске салсак, убагында бул экөө тең кызмат алышып, бирок көпкө узабай кубаланып кетишкен эмеспи. 

     Салык кызматынын төрага орун басары Адилет Дубанаев “Коррупция” беренеси боюнча айыпталган эле. Камалган. Атасы Садырбек Дубанаевдин бети кызарбай эле дастаркондо отурду го...

     2020-жылдан бери Аскар Салымбековдун улам “кусканы” икаяга айланып кеткени жалганбы? 

      “Ынтымакчылардын” ар бирине баа берип отурсак, сөз арбып кетчүдөй. Азыноолак объективдүү чечмелегенде ушундай. Жумшак мааниде. 

     Кызыгы, жай саратанда эле шайлоонун шаңы сезилип, дуулдап чыгып алышты. А күздө эрикпейт окшойбуз...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер