Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Накен Касиев: “Идеологиянын баардык тамыры, уңгусу Манастын жети осуятында жатат”

Накен Касиев: “Идеологиянын баардык тамыры, уңгусу Манастын жети осуятында жатат”

27-август, 12:16
1 699 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын көз карандысыз болгонуна 30 жылдын жүзү болду. Бул жылдары биздин өлкө эмнеден аксады? Баары бир тең, идеология бир тең. Мына ушу боюнча коомдук ишмер Накен Касиев агабыз кыскача оюн айтты.

-- Бүгүнкү күндөгү акыбал чындыгында биздин жалпы улутубуздун ынтымак-ырашкердигин бекемдеп, мурунку 30 жылдагы кетирген кемчиликтерди эске алып туруп, жыйынтык чыгара турган убакытты талап кылып тургансыйт. Жаңы Башмыйзамды кабыл алдык. Ошого жараша башкаруу системасын же аткаруу бийлигин, мыйзам чыгаруу жагын, сотко түздөн-түз кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизүү керек экени – мезгилдин талабы. Ансыз биз баягы эле бир орунда, керек болсо андан да артка кетүү коркунучу бар экени туюлат. Эгемендик алган жылдардан тарта элибиз эмнеден аксап келди? Менимче, идеология жоктугунан болсо керек. Канча президент келбесин идеология издемиш болот, а натыйжасында эчтеке жок. Аны издеп эмне кылабыз? Манастын жети осуяты турат. Мындан өткөн барбы? Менимче, идеологиянын баардык тамыры, уңгусу ушу жерде жатат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер