Бектемир Төлөн уулу: “Дүйнө жүзүн каптаган ылаң жүрүп жатса, умрага эмнеге аттанышты?”

-- “Сактыкка кордук жок” дейт. Оорунун алдын алууда муфтияттын да катачылыктары барбы?
-- Дүйнө элин кырган ылаң (пандемия) болуп жатканда бийлик умрага бир да жаранын чыгарбай коюусу керек эле. Кандайдыр бир жолдор менен чыгып кетишкендер болсо, аларды өлкөгө киргизбей коюусу абзел болчу. Биздин бийлик үчүн коронавирусту өлкөгө киргизбей коюу шансы бар болчу. Шансты колдон чыгарышты. Эмне, “умрага бараткандар өлкөгө коронавирус алып келиши мүмкүн” деген ой келбеди дейсизби? Андай ой умрага бараткандардын оюна келбеди дейсизби? Мындай ой баарына келген. Бирок дин үчүн, акча үчүн баары тобокелдикке барышты. Өз элинин ден соолугун курмандыкка чалуу – өз элине каршы кылмышка, чыккынчылыкка, саткындыкка барууга тете. Керек болсо муфтият өзү умрага барууну убактылуу токтотуп туруу боюнча чечим кабыл алуусу керек эле. Ага муфтияттагылардын арабдардын идеологиясына ууланган мээлери жеткен да жок. Кыскасы, бийликтин дин саясатындагы катачылыктары, калпыстыктары, мүчүлүштүктөрү, шалаакылыктары өлкөгө кооптуу ылаң делген таажылуу вирусту (коронавирусту, COVID-19) алып келди.
Эми “болору болуп, боёосу канды”. Кийинки кадамдар чечкиндүү, жыйынтыктуу, алгылыктуу болсо экен деп тилейли. Талап кылалы, үн кошолу. Баарын эркин нукка коё берсек, бейкүнөө жарандарыбыздын кырылып калуу коркунучу бар. “Кудай сактасын” деген бейкамдыкты, кайдыгерликти, караңгылыкты, түркөйлүктү токтотуп, ар бирибиз ылаңдын таркап кетпеши үчүн өз салымыбызды кошолу (!) деп мекендештеримди чакырам.
"Азия Ньюс" гезити