Эрим кечинде бир аз сүйлөшүп, “уктадым” деп ары оодарылат...

Турмушка чыкканыма жети жыл болду. Сүйүшүп баш кошконбуз. Башында баары сонун эле. Азыр болсо бири-бирибизге муздак мамиле кылып калдык. Жолдошум үйдө болсо урушабыз, алыска кетсе сагынбайм деле. Ал да мурдагыдай жакшы сөз жазбайт, "сагындыңбы?" десем, "жумуштан чарчадым" деп коёт. Мурун жанымды берүүгө даяр болсом, азыр кайдыгер болуп калдым.
Кээде кесиптеш байкелердин жөн гана жакшы сөзүнө, жылмайган көз карашына жүрөгүм жылып кетет. Жаман ойлорум жок, болгону мурункудай сүйүүгө, көңүл бурууга муктажмын. Мурда сүйлөшкөндө бир мүнөт бошой калса чала берчү, азыр кечинде бир аз сүйлөшүп, “уктадым” деп ары оодарылат...
Аялзаты канча жашта, же канча балалуу болбойлу, көңүл бурууга, жакшы сөзгө дайыма муктаж экенибизди эрлерибиз билбейби? Түшүнүшсө экен...
Айдана
"Азия Ньюс" гезити