Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Боюмдагы балам мен жактырган бай адамдан эмес, мурдагы күйөөмдөн экен

Боюмдагы балам мен жактырган бай адамдан эмес, мурдагы күйөөмдөн экен

30-апрель, 20:27
4 603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жарым жыл мурун төрт жыл бирге жашаган күйөөм менен ажырашкам. Аны катуу жакшы көрчүмүн, азыр деле сүйөм. Мамилебиз башында жомоктогудай болчу. Гүл белек кылып, бапестеп карап, мен үчүн баарын кылчу. Бирок бара-бара өзгөрүп, кол көтөрө баштады. Бул абал бир жылга созулуп, акыры чыдай албай мамилебиз бузулду. Өз алдымча бөлмө ижаралап, жашоомду жаңыдан баштоого аракет кылдым. Аны менен таптакыр мамилемди үзүп сала албай жүрдүм, бирок ага кайра кайтып барбай турганымды айткам. Ал болсо “өзгөрөм, баарын оңдойм же болбосо өмүр бою күтөм” деп ишендире сүйлөйт.

Эки ай мурун кошуналарым бир жигит менен тааныштырды. Ал абдан сулуу, бай, жакшы адам. Бир да киши мага анчалык жылуу мамиле кылган эмес, өзгөчө көңүл буруп, камкордук көрсөтчү. Биздин мамилебиз олуттуу болуп, жакындашып да баштадык. Эми боюмда бар экенин билдим. Эсептеп көрсөм, баланын атасы мурдагы күйөөм. Көпкө күттүргөн наристе биз ара жолго түшкөндө пайда болду. Азыр эмне кыларымды билбей жатам. Ага кайтып бара албайм, бирок жаңы жигитиме да боюмда бар экенин, баланын атасы башка экенин айта албайм. Өзүмдү чыга албай турган туюкка кептелгендей сезип жатам...


Алия   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер