Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” айлана-чөйрөнү коргоонун комплекстүү программасын сунуштайт”

“Биримдик” айлана-чөйрөнү коргоонун комплекстүү программасын сунуштайт”

29-сентябрь, 12:01
828 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Айлана-чөйрөнү коргоо “Биримдик” партиясынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат”. Бул тууралуу “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынан ЖК депутаттыгына  талапкер Медетбек Маметов Ош облусунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты. Ал белгилегендей, глобалдык жылуулуктун кесепеттери дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө таасирин тийгизди. Андан Кыргызстан дагы четте калган жок. Мындан улам мөңгүлөр эрип, токойлордун аянты кыскарып, дарыялардагы суунун көлөмү азаюуда. Автоунаалардын көбөйүүсү, ишканалардагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүнүн начарлашы, ошондой эле таштандылар менен турмуш-тиричилик калдыктары айлана-чөйрөнү булгоонун башкы булактары болуп эсептелет. Ошол себептен  экология мамлекеттик коопсуздуктун көйгөйүнө айланууда.  Талапкер партия бул багытта  төмөнкүдѳй чараларды көрүүнү сунуштай турганын билдирди: 

-- айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу;

-- жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана коргоо;

-- жарандар жана өнөр жай ишканалары тарабынан айлана-чөйрөнүн булгануусу үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү;

-- жашылдандыруу боюнча узак мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу;

-- коомдун экологиялык маданиятын жогорулатуу жана адамдардагы экологиялык аң-сезимди калыптандыруу; 

-- заманбап “жашыл” технологияларды киргизүүнү колдоого алуу.

Жолугушуунун соңунда Медетбек Маметов айлана-чөйрөнү коргоого ѳзгѳчѳ маани берүү зарылдыгын баса белгилеп,  добуш берүү күнүндѳ  “Биримдик” партиясын колдоого чакырды.


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер