Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук кардиологияны Талант Сооронбаевден кантип сактап калабыз?

Улуттук кардиологияны Талант Сооронбаевден кантип сактап калабыз?

14-август, 10:13
387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Балык башынан сасыйт” дейт. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова системаны оңдогонго, кадр саясатын туура жүргүзүүгө шаасы келбейт экен. Эптеп күн өтсө, балпайып креслосунда сакталып отурса болду. Ал эми ооруканалардагы абал, элдин саламаттыгы кантип атат? Өтө кейиштүү. Алыс барбай эле Бишкектеги негизги ооруканалардын бирине токтололу. 

2022-жылдын биринчи жарымында М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун башчылыгына Талант Сооронбаев дайындалган эле. Ошол күндөн тарта коллективдин нааразычылыгын жаратып, атмосфера кескин түрдө начарлаган. Кесипкөй врачтар кете баштаган, азыр кадрдык кризис жаралууда. Мурдатан сакталып келген, бейтаптарга бериле турган дарылардын запасы учурда түгөнгөнү, көйгөй жаралганы каңкууланды. Башкасын айтпасак да, коронарографияга түшүү 24 миң сомго чыгып, баштапкы баасынан үч эсе кымбаттаган. Илдетке кабылган карапайым элибиздин дарылануу шарты кыйындаганын ушундан эле билсек болот. Башкы дарыгер оору-сыркоодон акча жасап атабы?

Анан калса, Талант Сооронбаев коллективге туура мамиле жасаганды билбей, кагынып-силкинип, этикадан сырт жоруктарга барганы талкуу жаратып келет. Маселе жаралса эле өкмөт башчы Акылбек Жапаровго таянып, эч кимди көзгө илбей, билгенин жасап, улуттук кардиологияны артка тартып баратат. Кантип сактап калабыз? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер