Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаштарга бырыш түшүп кетишинин себептери эмнеде?

Жаштарга бырыш түшүп кетишинин себептери эмнеде?

19-апрель, 12:07
911 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Косметолог жана дерматолог Ольга Андриянова "Известия" басылмасына эмне себептен айрым адамдарга жаш кезинен эле бырыш түшүп кетерин түшүндүрүп берди.

Адистин айтымында, алгачкы бырыштар кишинин бетине 18-20 жашынан тарта түшө баштайт. Бирок ал теринин эң үстүнкү бөлүгүндө жайгашып, чекеде жана көздүн айланасында пайда болот.

"Негизи бул бырыштар анча коркунучтуу эмес. Бирок адам өзүнө кам көрбөсө алар акырындап тереңдей берет да, теринин ортоңку бөлүгүнө жетет. Ал эми мындай бырыштар дээрлик кетпейт жана көзгө дароо урунуп, адамды кары көрсөтөт" деди косметолог.

Ошондой эле адис эрте бырыш түшүп кетүүнүн себептерин тизмектеп берди: 

-- бети-башты бырыштырып, кабакты бүркөй берүү;

-- күндө көп жүрүү;

-- таттууну көп жеп же чылым чегүү;

-- нымдоочу каражаттардын жетишсиздиги;

-- уйкунун жетишсиздиги;

-- организмде суунун жетишсиздиги.

Адистер эрте бырыш түшүүнү алдын алгысы келгендерге жакыйсын күндөн коргоочу бетмай сүйкөнүп, кара көз айнек тагынып жүрүүнү сунуштайт. Ошондой эле терини сактоого ар кандай витаминдер, укалоо жана активдүү жашоо образы жардам берет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер