Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Макешов: “Мага кызмат эмес, адилеттүүлүктү орнотуу маанилүү”

Чыңгыз Макешов: “Мага кызмат эмес, адилеттүүлүктү орнотуу маанилүү”

23-октябрь, 18:36
533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чыңгыз мырза, төңкөрүш болгондо, оор учурларда алдыда жүрдүңөр. Азыркы бийлик кызмат сунуштадыбы?

-- Мага кызмат сунушташты, бирок мен баш тарттым. Анткени, азыркы келген өкмөт – техникалык өкмөт. Алар таза шайлоону өткөрүп берүүлөрү шарт. Эки айдан кийин шайлоо өткөрүлүп, эл тандаган соң гана ал түбөлүктүү болот. Мен болсо төңкөрүшкө бийлик алайын же кызматка жутунуу иретинде катышкан эмесмин. Шайлоо болгон түнү адилетсиздикке чыдай албай кеттим. Ошол адилетсиздик менин төңкөрүшкө чыгуума түрткү болду. Алдыңкылардан болуп баштоочу болдум. Жаштарды бийликке алып келүү ниет бар болчу, бирок анте алган жокпуз. Ошондуктан эми шайлоого катышып, элден таза добуш алып, бийликке аралашууну ойлоп турам. 

Шайлоо ыплас, адилетсиз өттү. Ошол күнү менин депутат болуп шайлана албай калганым эмес, Кыргызстандын келечеги кооптондурду. 45, 46, 17 добуштарын үч партия бөлүп алып, өлкөнү каалагандай калчашмак. Негизги максатыбызды биз көргөздүк. Адилетсиз шайлоо болбош керек. Өткөндөгү төңкөрүш, адилетсиз шайлоо мисал болуп дайыма эсибизде калышы зарыл. 

-- Сизди “мурда шайлоого барган “Ыйман нуру” партиясынан чыгарылды” деген маалымат тарады...

-- Мен мурда шайлоого катышкан “ Ыйман нуру” партиясынан чыгарып коюшту. “Сен көп нерсени кеңешпей кылдың” деген доомат болду. Ал кезде кеңеше турган абал болгон жок. Кырдаал мүнөт сайын өзгөрүп жаткан кезде партиянын саясый кеңеши менен кеңешүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Кандай болсо да Кыргызстанда маселе бир киши менен сүйлөшүү аркылуу эмес, эл менен чечилиши шарт. Адилеттүү болуш керек. 

Муну менен баары бүткөн жок. Эң негизгиси, өз кызыкчылыктарын ойлобогон, акыл-эстүү, Кыргызстанды жогору койгон адамдар менен чогулуп, жаңы муундагы күчтөр менен шайлоого барып, өлкөнү өнүктүрүү зарыл. Мен токтобойм, Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшкөнгө дайым даярмын. Мага кызматтын кереги жок, эң негизгиси, адилеттүүлүк орнотуу үчүн качан болбосун күрөшкө чыгам!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер