Акыркы кабарлар
» Коом » Акжолтой Канатбек уулунун “Бегимай” аттуу ырына клип тартылат
Акжолтой Канатбек уулунун “Бегимай” аттуу ырына клип тартылат
21-ноябрь, 00:14
1 451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын, ырчы Акжолтой Канатбек уулунун чыкпай калган “Бегимай” аттуу ырына клип тартылмакчы.
“Акжолтой менен жаңы иштешип, ага продюсерлик кылып, “Бегимай” деген ырды жаздырып берген элем. Жакында ал ырга клип тарттырып чыгарабыз деген планыбыз бар болчу. Тилекке каршы, максаттарыбыз ишке ашпай, Акжолтой кырсыктан каза болду. Учурда анын атынан “хайп” жараткысы келгендер пайда болуп, бүтө элек форматтагы ырын YouTube каналына чыгарып жатышат. Мындан ары аларга чара көрүлөт. Ал эми “Бегимайга” Акжолтойдун элесине арнап жакында клип тарттырабыз. Андан башка да жаздырабыз деген эки ырыбыз бар эле. Буюрса, эки ырын да таштап койбой, өзүм ырдап чыгам” дейт Курал Чокоев.Aryba.kg