Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эми кыргыздар көчүк чукумайдан көр “сапырганга” өтүштүбү?..

Эми кыргыздар көчүк чукумайдан көр “сапырганга” өтүштүбү?..

05-июль, 18:26
1 754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Илгерки совет поэзиясынын өкүлү Лев Халиф мырзанын айтканы бар эле: 

“Лишь тот, бескрылый, стреляет в птиц со злобы,

Кто сам как птица не может взлететь в небо!..” деп.

Анын сыңарындай, бүгүнкү күндүн элге керектүү маселесин чечүүгө колунан кокон келбесе да, оозу менен орок оргонду жакшы өздөштүргөн эргулдардын бири – Зарлык Дыйканбаев деген жазмакер кыргыз элин бүткүл дүйнөгө тааныткан жана анын рухий дүйнөсүн эң жогорку бийиктикке чыгарган, XX-XXI кылымда жашаган адамзаттын гуманист уулу Чыңгыз Айтматовду колунан келишинче жерден алып көргө, көрдөн алып жерге сүйрөп, бир көрпенделик кумарга батканын көрсөтүптүр (“Азия Ньюс”, 24.06.2021).

Эми ал, албетте, өзүнүн иши деңизчи, анткени, элде айтылгандай, “үйрөнгөн адат калабы?..”.  Ал эми мени тынчсыздандырган маселе таптакыр башкада. Мындай пасквилди бирөө болбосо да бирөө окуп алып ойлобойбу: “Бул эмне, кыргыздар эми, көт чукумайды таштап, көр чукумайга өтүшкөнбү?” деп.

Албетте, андай эмес. Эл болгондон кийин, балким, анын ичинде арамзалыкка алдырган бир ууч көрпенделер да болушу мүмкүн. Ал эми калган 99,99 пайызы, албетте, адекваттуу, акылман, адилеттүүлүктү жана адамгерчиликти туу туткан айкөл эл экени шексиз.

Ал эми “Кылым аферасына айланган Кумтөр мафиясын ким түзгөн?” деген суроого жооп издеп көрсөк: а) Моссоветтин архивинде сакталган документтер, б) Кыргыз өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан кол коюлуп, кабыл алынган документтер, в) Канадада катталган “Сиабеко-групп” фирмасынын иш кагаздары толук жооп бере алат. 

Бул тууралуу “Слово Кыргызстана” гезитинин москвалык атайын кабарчысы Евгений Денисенконун “Сиабеко” начинает, чтобы выиграть” деген материалы даана көрсөтүп турат: “Все начиналось в Москве. Первые контакты представителей совминовского руководства Кыргызстана (А.Жумагулов, М.Шеримкулов, А.Акаев, прим. К.Т.) с представителем Совета директоров известного на Западе объединения фирм “Сиабеко-групп” Борисом Бирштейном состоялись еще четыре года назад в Москве по инициативе руководства Моссовета. В ходе последующих встреч обсуждались возможности и пути привлечения западных инвестиций, технологий, опыта в недужную экономику республики. Но в силу ряда объективных и субъективных факторов первый приезд Бориса Бирштейна в Кыргызстан смог состояться лишь в прошлом году. Обретшая государственную независимость республика к этому времени уже окончательно определилась со стратегией и приоритетами своей внутренней и внешней политики, сделав однозначный выбор в пользу построения у себя демократического, рыночного государства. Глава “Сиабеко-групп” прибыл в Бишкек по приглашению А.Акаева. В гансостоявшихся с ним и другими руководителями Кыргызстана обстоятельных переговорах была подтверждана взаимная заинтересованность друг в друге. Команды президента – в идеях и предложениях Бирштейна, его реноме и возможностях в мире большого бизнеса. Самого Бирштейна – в открывающемся непаханном для предпринимательства поле в потенциально богатом природными и людскими ресурсами Кыргызстане” (“Слово Кыргызстана” от 1 августа 1992 года). 

“Ал эми бул жерде Чыңгыз Айтматовдун бул ишке кандай тийешеси бар?” деген суроого жооп издеп көрсөк: а) Кыргыз ССРнин мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) төрагасы, генерал-лейтенант Ж.Асанкулов: “Чыңгыз Айтматов ал убакта (1989-1990-ж.) Советтер Союзунун Президенттик кеңешинин мүчөсү эле. Ал генсек М.С.Горбачевдун тапшырмасы боюнча Ош коогалаңын басуу максатында Москвадан атайын келген. Ал коогалаңдын абалы менен таанышып, себебин түшүнгөндөн кийин бизди чогултуп, ал кездеги союздук КГБнын төрагасы В.Крючковдун атайын берген тапшырмасын аткаруу максатында келечектеги мамлекет жетекчиси тууралуу сөз болгон. Эртеси Жазуучулар союзунда А.Акаевди кабыл алып, анын макулдугун билгенден кийин Москвага учуп кеткен. Ч.Айтматов Москвага учуп кетери менен биз дароо эле КГБнын төрагасы В.Крючковго аткарылган иш тууралуу маалымат бердик”.  

б) Буга кошумча катары КГБнын полковниги Алик Орозовдун эскерүүсүндө: “Как я уже повествовал в газете “Лица” назначение, то бишь выборы президента Акаева осенью 1990 года проходило не без участия В.Крючкова”. 

в) Бул факт өз кезегинде дагы бир суроону жаратып турат: “Кыргыз ССРнин президентин  шайлоого союздук КГБнын кандай тийешеси бар?” деген. Жообу андан да жөнөкөй: “Борис Бирштейн по роду своей деятельности был двойным агентом служб безопасности Израиля “Моссад” и КГБ (СССР) (ист. “Фергана.ru”)

Ооба, ошентип, Кумтөрдүн жана Акаевдин тагдыры Моссоветтин (1989-ж.), “Моссаддын” жана союздук КГБнын (1990-ж.) жетекчилеринин кабинеттеринде чечилип, 1991-жылы толук бойдон ишке ашкан. Анткени Кыргызстандын байлыгын жана анын эгемендүүлүгүн колдон чыгарбас үчүн аларга ошондой –  адамдык ар, улуттук намыс деген түшүнүгү жок, эки жүздүү, мансапкор, Батыштын саркынды идеологиясына сугарылган демократ-демагог жетекчи керек эле.   

Ошентип, эл аралык мошенник жана аферистердин жардамы менен президент болуп шайлангандан кийин “мен Англиянын королевасындай болгум келбейт, мага толук бийлик керек” деп Кыргыз Республикасынын Конституциясын үч жолу өзгөртүп, абсолюттук бийликти колго алган соң, “мен Бирштейн деген ким экенин билбейт элем. Аны мага биздин урматтуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов алып келип тааныштырып, мактап, өтүнүп суранганынан ага ынанып, анан Бирштейн менен кызматташкам (Аскар Акаев, 2007-жыл, 17-март, “Де-факто”гезити №6).

Акаевдин минтип ишенимдүү калп айтып жатканынын себеби эмнеде? Анткени ал 1989-жылы Моссоветтин жетекчилеринин демилгеси аркылуу Бирштейн менен таанышып, аны менен Кумтөр боюнча эки жактуу сырдуу келишимге кол коюп, ишке ашырган аферасын жашыруу максатында 1991-жылдын 23-24-сентябрында экинчи афераны ишке ашыра баштаган: а) 1991-жылдын 23-сентябрында Цюрихтен (Швейцария) Санжар Айтматовдун атынан кат келет. Анда: “Президенту Републики Кыргызстан А.Акееву (весьма срочно) Меморандум: Во время переговоров с президентом компании “Сиабеко-групп” г-ном Б.Бриштейном в г.Цюрих 22-23 сентября 1991 г. о возможности участия данной компании в программе экономического развития Киргизии швейцарской стороной были сформулированы следующие принципиальные положения: 1,2,3 и т.д. Аягында: Для детального обсуждения стратегической комплексной программы развития республики и участия в ней “Сиабеко-групп”, разработки и подготовки соответствующих документов г-н Бирштейн мог бы посетить г.Бишкек в период с 3 по 10 октября”(подпись С.Айтматов)”.

Суроо: Мындай расмий меморандумга кол коюп, аны Кыргызстандын президентине шашылыш түрүндө жиберүүгө ал (Санжар Айтматов) Кыргызстанда ким эле? Эч ким. 

Бул кемчиликти (жасалма подлогду) жоюш үчүн, эртеси, 24-сентябрда президент Акаев “не подлежит опубликованию в печати” деген жашыруун гриф менен указ чыгарат: “Назначить т.Айтматова Санжарбека Чингизовича полномочным представителем Президента Республики Кыргызстан по особым поручениям. Президент РК А.Акаев г.Бишкек, Дом пр-ва, 24 сентября 1991 г. №УП-328”. 

Бул убакта Чыңгыз Айтматов кайда эле? Албетте, СССРдин Люксембургдагы элчилигинде. Бирок Люксембург Цюрихте эмес да. Анда Цюрих кайда жана анда кимдин конторасы бар? Цюрих болсо Швейцарияда жана ал жерде “Сиабеко-групп” компаниясынын конторасы бар. Демек, расмий меморандумду “Сиабеко-групп” компаниясы өзү даярдап, Санжар Айтматовду атайын жалдап, ага кол койдуруп (без права подписи) эмне максат менен Кыргызстанга жиберген? Ага азыркыга чейин жооп жок, анткени ал биринчи афераны жапкан экинчи афера болгон. 

Эми ушул бетпак аферистерге ишенип, алар актанып, “кой оозунан чөп албаган” байкуш болуп, эл сыйлаган адамдарды жерден алып көргө, көрдөн алып жерге сүйрөп, кыргыз элинин кен байлыгын гана эмес, анын чыгаан уул-кыздарынын 70 жыл бою эмгектенип курган экономикасын, өнөр жайын, айыл чарбасын бир жылдын ичинде талкалап, ишсиз калган уул-кыздарын дүйнө жүзүнө тентитип, алсыраган элин итке миңгизип коюп, Кумтөрдөн түшкөн миллиарддаган долларбайларды оң-сол чөнтөктөрүнө солоп алышып, Белокаменный борбор шаарынын четинде эртелеп даярдап койгон особнягына чыгып кеткен эргулду коргоп, мактап-жактап, анын чачпагын көтөрүп жүрүүгө даяр экенин көрсөтүп, буту бутуна тийбей чуркап жүргөн “боорукерлерге” эмне демекчибиз?

Албетте, бул маскарапозчулуктун максаты жана анын төркүнү башкада: 30 жылы кулчулукка чыдап, акыры кыргыз элинин чыгаан, намыскөй уул-кыздары бийликти өз колуна алып, элине кызмат кылууга белсенип турганда –   ууру-кески, качкан-бозгон шүмшүктөрдүн арам-актануусун бетке кармап, жалпы коомчулуктун ыркын бузуп, жаңы бийликке ишенбестик жаратуу максатында ачык жана тымызын да буркан-шаркан түшүп жатышканы түшүнүктүү.

Бирок биз, кыргыз эли ошондой болгон күндө да ал маскарапоз-арзыматтарга теңелбей, бир аз болсо да токтоолук кылып, ошол аферист, шүмшүк, ууру-кески жетекчилердин тушунда да адамгерчилик сапатын сактап, элине кызмат кылган катардагы жарандарыбыздан баштап, бийликтин бийик сересинде да ак эмгек кылган инсандарыбыздын көргөн-билген, уккандарына көңүл буруп көрбөйлүбү.

а) Ошол убакта Айтматов тууралуу кыргызстандык жаран Г.Рожнов  “Советская Киргизия” гезитинин редакциясына кайрылыптыр:  “Дорогая редакция! Во время работы сессии Верховного Совета Киргизской ССР я проходил мимо здания, где заседали депутаты: видел голодающих и стоявших с плакатами и лозунгами людей. На одном из лозунгов было: “Чингиза Айтматова – в президенты”. Но я слышал, что у него другие планы. Так ли это? 

Бул суроого берген редакциянын жообу: “Да, вы правы. Действительно наш земляк Чингиз Айтматов, последние годы постоянно проживающий в Москве, теперь решил перебраться еще дальше на Запад – в город Люксембург – столицу одноименного государства. Там Ч.Айтматов будет жить и работать в качестве посла СССР в Люксембурге. Недавно Ч.Айтматов дал интервью американскому агентству “Ассошиэйтед пресс”, в котором заявил, что молодежь стремится заниматься политикой, а он такого желания уже не испытывает. Писатель хочет больше времени уделять работе над новыми произведениями. Он отказывается от своего места в президентском совете. Ч.Айтматов также сказал, что по натуре он не пессимист, но по поводу будущего Советского Союза особого оптимизма не испытывает. Однако он отверг аргументы тех, кто считает, что крах СССР будет положительным моментом”.

Мунун баары, өзүңүздөр көрүп тургандай, ачуу чындык жана айныгыс факт. Ал эми карандай калпты шыпыртып, маниакальный жек көрүү илдетине тушуккан З.Дыйканбаевдин андан аркы: “эл душманы”, “тупой мужик Распутинге окшоп”,  “коммунисттерди жек көрүп” деген ж.б. ириген оозунан чыккан чиригендей сөздөрүн бул жерде айтып отуруунун эч кандай кажети деле жок. Анткени оорулуу адамга айла жок – өз башы менен кетсин дейличи, тьфу, тфу...

Бирок, жаңы кабыл алынган Конституциянын 21-беренесине ылайык: “Мамлекет Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт”. Албетте, аларга шек келтирген же одоно бузган жарандар мыйзам ченемдүү өз жазасын алуусу зарыл деп эсептейм. Мамлекеттин укук коргоо органдары бул фактыны жазасыз калтырбашы зарыл. Бул биринчиси.

Экинчи жагынан, З.Дыйканбаев өзүнүн материалында: “Н.Назарбаев Казакстанды,  И.Каримов Өзбекстанды сактап калышса, “эл душманы” башкарып алган Кыргызстан болуп көрбөгөндөй кыйроого учурады” дейт, бир тууган элдерди бири бирине кайраштырып. Албетте, бул жерде Н.Назарбаев менен И.Каримовдун эмгектери зор, ат көтөргүс, бирок негизги себеп, албетте, башкада.

Ал себеп –  казак жана өзбек элинде илгертеден бери калыптанган жашоо-турмуш жана өнүгүү принциптери кынтыксыз сакталып, элине кызмат кылып келет. Ал принципти казак эл жазуучусу Олжас Сулейменов бир эле ооз сөз менен эбак эле аныктап койгон. Ал принцип: “Бирөөнүн тоосун кемсинтпей, өз талааңды көтөрүп ал” деген накыл сөз.

Ал эми кыргыздарда билбейм, кайсы кыйчалыш убактарда пайда болгонун, бирок ушул эле Дыйканбаевге окшоп өз улутунун сыймыгын өзү тебелеп-тепсеп, кемсинтип, өзүн бир кыйын “кеменгер” сезген кекчил-келемиштер акыркы убактарда өтө эле көп болуп кеткени байкалат. Анткени алар 30 жылдан бери билгенин кылып келген чыккынчы агенттер жана жатып ичер кара курсактар жаңы бийликтин жаңы тартибин кантип буйтап өтүп, кантип өзүнүн ордун табууну издеп, карбаластап турган убактары экени шексиз! Бул көрүнүш, албетте, жаңы бийлик өкүлдөрү үчүн өтө тез жана кескин чара көрүү керек экендигин көзгө сайып көрсөтүп турат. Бул көрүнүш – мамлекетибиздин бүгүнкү жана эртеңки ыкчам өнүгүү процессине кедергесин тийгизе турган өтө коркунучтуу көрүнүш экени айтпаса да түшүнүктүү.

Кылым карыткан улуу кыргыз элинин карт тарыхына кайрылсак, анда ар бир үй-бүлөнүн керегесинде илинип турган тумарын, камчысын, элечегин ж.б. улуттук  улуу мурастарын көрүп алып, көкүрөгүңдү көтөрүп, боюңду түзөп, өзүңө өзүң ишенип, анан-анан барып сыймыктанып, ойлонот экенсиң, “ооба, чындыгында эле “өсөөр адам өзүн сыйлайт” деген туура турбайбы” деп.


Улуу кыргыз элиме терең урматым менен 

Карыбай Турусбеков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер