Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан чет өлкөгө миллиард доллардын товарын экспорттоду

Кыргызстан чет өлкөгө миллиард доллардын товарын экспорттоду

19-ноябрь, 17:52
824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын экспортунун көлөмү 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 1 млрд 356, 5 млн долларды түздү. 

Учурда ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда. Негизинен булар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Европа биримдиги (ЭБ), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө-өлкөлөр сыяктуу биримдиктер боюнча өнөктөш-өлкөлөр.

Кыргыз продукциясынын дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнө экспорттолушу (млн $)

Биримдиктер

ЭКСПОРТ (янв-авг)

ИМПОРТ (янв-авг)

2019-ж

2018-ж

2019-ж

2018-ж

Бардыгы

1192,1

1075,9

3192,3

3517,5

БДСУ

1072,0

943,4

3003,5

3351,7

ЕБ

529,8

383,1

188,2

203,8

КМШ

528,3

579,7

1498,1

1523,5

ЕАЭБ

391,6

425,9

1316,6

1372,3

Үчүнчү өлкөлөр

800,5

650,0

1875,7

2145,2

Учурда Кыргызстан товардык номенклатуралардын 100дөн ашык тобун экспорттойт. А жалпы жонунан, эң негизгиси айыл чарба продукциялары экспорттолот. Акыркы 9 айында 51,2 млн долларга 91750,0 тонна жашылча экспорттолгон. Мисалы: төө буурчак 30 мамлекетке экспорттолуп, анын жалпы салмагы 52 616,0 тоннаны түздү.

Сүт азыктары 20 031 тонна көлөмүндө Казакстанга жана Россияга экспорттолууда. Дүйнөнүн бир канча мамлекети кыргыз балын сатып алууда. Ушул жылдын январь айынан августка чейин 300 тонна асел экспорттолду. Мындан тышкары биздин өлкө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эт азыктарын ташый баштады.

2019-жылдын 9 айында ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд долларга жетти, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда бир аз төмөн. 

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер