Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19: Өзбекстан 12 жаштан тарта эмдөөгө уруксат берди

COVID-19: Өзбекстан 12 жаштан тарта эмдөөгө уруксат берди

29-сентябрь, 20:33
1 294 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстанда өспүрүмдөргө 12 жаштан тарта өз эрки менен Pfizer вакцинасын сайдырууга уруксат берилди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин, улуттук техникалык иммунологиялык экспертизанын токтому чыкты.

28-сентябрда Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасын сайдырган 12-15 жаштагы өспүрүмдөргө жасалган клиникалык сыноо жакшы натыйжа бергенин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы 12 жаштан тарта Pfizer вакцинасын сайдырса болорун сунуш кылган.

13-сентябрда Өзбекстанга 1 миллион 200 миң доза АКШ-Германия чыгарган Pfizer/BioNTech компаниясынын вакцинасы келип түшкөн. Бул өлкөдө 1-апрелден тарта Россиянын “Спутник V” жана Кытайдын вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Ошондой эле AstraZeneca, Moderna жана Pfizer/BioNTech сайдырса да болот. Коңшу өлкөнүн калкынын 11%га чукулу эмделди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер