Кайним менен 5-6 ай аял-күйөөдөй жашадык, эми арты эмне болот?
Турмушка чыккам, үч балам бар. Күйөөм жашоонун оорунан, жумушсуздуктан эки жыл мурун Россияга кеткен. Андан бери бир гана жолу келип кетти. Мен айылда үч балам менен жалгыз калгам. Бизге аталаш бир тууганынын баласы келип каралашып, оор жумуштарды кылып, отун-суу даярдап берип турат. Бойдок, адамды өзүнө тартып турган ачык, тамашакөй бала. Кээ бир күндөрү үйгө жатып да калчу. Кайним менден бир аз кичүү. Экөөбүз алгачкы күндөрү түн бир убакка чейин сырдашып, сүйлөшүп отурчубуз. Балдарым кичинекей, уктап калышчу.
Ошентип жүрүп жакын мамилебиз төшөккө чейин жетти. Алгачкы болгонубуздан кийин экөөбүз тең нес болдук. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй, жаман абалда болдум. Бирок экөөбүз ажыраша албай койдук. Азыр махабатыбыз алоолонуп тереңдеп баратат. Мурда мага жактырган кыздарын айтып берчү, азыр алардан кызганчу болдум. Күйөөмө болгон сагынычым деле билинбей калды. Аны мурда күн санап күтчүмүн, эми алаксып калдым. Бирок бул махабатыбыздын келечегин эстеп корком. Мындан ары эмне кылабыз? Бизге жол жок бир болууга, бирок кантип айрылышабыз? Мени урушуп, жаман сөздөрдү айткандар болот болуш керек. Эмне кылам? Күйөөм “жакында келем” деп атат. Ал келгенче кантип бүтүрөм? “Айылда эч ким билбейби? Күйөөм укса кантем?” деп ойлонуп, кээде уктабай чыгам. Коркуп жашап калдым. Шайтан азгырды. 5-6 ай аял-күйөөдөй жашадык. Айымдар, сиздер деле аялсыздар го, мени түшүнөсүздөр деп ойлойм.
Зарина