Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиевдин акаларына жүгүнүп жүргөнүн Каптагаев эске салып, туздады...

Ташиевдин акаларына жүгүнүп жүргөнүн Каптагаев эске салып, туздады...

21-март, 13:27
1 236 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев социалдык баракчасынан Камчыбек Ташиевге болгон нааразылыгын жолдоду.

Мындан үч-төрт күн мурда “Камчыбек Ташиев Сузакта өзү маска, азык-түлүк таркатып жүрөт” деген кабар таркады. Ошондо бул жерге: “Экс-депутат Ташиев баш болгон топ Сузакта беткап таркатып жүрүшөт, Жаратканга жаккан иш, ыраазы болсун дейли. Бирок, эми чукул кырдаалдын шарты боюнча Ташиев жана башкалар сөзсүз түрдө карантинге жаткырылууга тийиш, бул зарыл шарт!” - деп жаздым эле.

Буга жооп кылып Ташиев күйүп-бышып: “...Каптагаев айтыптыр “Ташиевди карантинге жаткызыш керек” деп. Каптагаев өзү билет бекен карантинге кимдер, кайсыл учурда жатыш керек, кандай коопсуздук каралган ж.б. Же мурдагыдай эле Отунбаева, Атамбаев маалындагыдай чагымчылдык кылып жүрө береби? Элибиз кыйналып турганда баарыбыз биригип, аракет кылып жатсак, бул болсо кабинетинен чыга албастан өзүнүн карөзгөйлүгүн дагы баштады. Эсиңе кел Каптагаев, мага катылгандар оңбочу эле!” - деп жазыптыр.

Анын бул жазганына ар кандай комментарийлерди жазышып, кыргый тийген тоокканадай эле ызы-чуу болуп жатып калышты... Билгени деле, бибегени деле, укканы деле, укпаганы деле өз деңгээлинде бирдеме жазып жатат иши кылып...

Мен таң калдым... Жогоруда жазган сөздөрүмдө Ташиевдин намысына тийе турган, ал пөкүлдөп мага чагымчыл, карөзгөй деп жалаа жаба турган эч нерсе деле жок эле... эмне болуп кетти? Өзүңөр деле окуп көрсөңөр болот, эч кандай тетири ой жок. А түгүл Жаратканга жаккан иш экендигин да айтып жатам го... Көрсө кептин төркүнү башкада экен. Ал өзүн эр көрсөтүп, оору чыккан жерге коркпой-үркпөй барып, жардам берип жаткан киши катары пияр кылып жаткан турбайбы... А мен болсо анысын билбей эле эреже боюнча карантинге жатсын деп жатпайынбы. Ошону менен анын “проектиси” бырын-чырын чыгып кетип жатпайбы, ал “карантинге алынган айылдарга эч ким киргизилген жок жана укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлгө алынган деп айтууга мажбуру болуп жатпайбы. Албетте, кирип жардам бере албагандан кийин, бери жактан эле кайра келе турган болгондон соң керней-сурнай тартып ал жакка эмне барат? Акыл-эси ордунда киши айтат “бул жактан эле берчү жардамын берип койбойбу, ошончо реклама кылбай эле” деп. Эгерде мен карантинге жатышы зарыл деп жазбаганда “барып келдим деп баатыр боло бермек. Кеп ушунда экен. План бузулуптур.

Ал эми Камчыбек мырзанын коркутканы боюнча алсак, Каптагаев кезинде Ташиев эле эмес, ал жүгүнүп кызматын кылып жүргөн акаларынан да корккон эмес, коркпойт дагы. Тийишпей өз оокатын жөн кылсын! Муну окугандар болсо, ошентип айтып койгула. Бүгүн дагы Жалал-Абаддан 5 кишиден оору чыгыптыр. Бая күнү ал жакта делбелектеп жүрүп, ал кишилердин жакындарына жолукпады, кучакташып көрүшпөдү деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан чындап эле элдин камын ойлосо, зымырап Бишкекти карай жөнөп калбай отурсун оору басылганча Сузактан чыкпай. Анын ошол жактан чыкпай чыдап отуруп бергени эрдик болот, түшүнгөн кишиге...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер