Арзуу жебе болуп атылса, ал жүрөккө сайылса керек...
(Гүлжан Шерипбаевага!)
Башта жолукканда анчалык маани бербей, журналист кыздардын бири катары көрүптүрмүн. Деги адамдар кызык элебиз, баркка жетүүнү ойлобойбуз. Күнүмдүк оокат, алаксымай менен эле жүрө беребиз. А чындыгында билинбей эле жашоо өтө берет экен. Кандайдыр бир учурда мээ чөйчөгүңө коңгуроо кагылып, анан “селт” эте ойгоноcуң...
Кийин билдим, Гүлжандын сатпаган, туруктуу, жандүйнөсү чынчыл сапаттарын. Мыкты аялзаты катары баамдап жүрөм. Тамашага, иронияга жакын жан катары да сыдыргыдан өткөрдүм. Эң башкысы, анын ички туюму, таанып билүүсү табышмак. Жашоосунда далай жамандарды жолуктурса, саткын, кошоматчы кургурларды көрсө, алардан жабыр тартса, анан чыканактай кыз жок болуп кетпей, жалган дүйнөнүн ызгаардуу желаргысына туруштук берип, жашап келатат. Өжөрлүк менен. Бул жашоодогу таза баалуулуктарды издеп, бирок айлана чылгый эле кара түскө боёлуп атса, өзүн коёрго жер таппай чебелектеп, жакшы адамдарды издесе, кашайып алар да күүгүм сымал үрөң-бараңга, далдоодо калып калгандай... Анан эмне кылсын? Жандүйнө жанчылат да! Саясатта, көчөдө, тойдо, базарда, кандай гана чөйрө, жаркыраган айлана болбосун, чындык тебеленип, чыркырап жатса кантесиң? Чыгармачыл жүрөккө баары оор тийет окшобойбу? Жылас алгырдыкы, пендечиликтен көтөрүлө албаган коомдо, чылгый жагымпоздор менен жүзү жоктордун арасында абал оор эле. Ооба, ошолордун арасынан Гүлжан кыйналса керек. Кол сунат элем...
Канча жылдар, айлар, түндөр өттү? Арзыбаган нерселерге алаксып, убакытты уттуруп келатабыз. Аныгында бүгүн барбыз, эртең жокпуз. Жараткан кандай катаал ээ? Жаратылыштын өз мыйзамы бар тура. Философ болуп кеткиң келет. Учу-кыйыры жок алыстарга сапар тартып. Бирок аны ким түшүнөт? Сени көргөн бирөө “келесоо экен” дейт. Ушундай. Андан көрө Гүлжандын жылуулук энергиясын алып, жакындап баарлашып, асмандагы жылдыздарды санап жатсаңчы... Кыял кургур кайда ала качат? Арзуу жебе болуп атылса, ал жүрөккө сайылса керек...