Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күйөөңдү кайтара албайсың” деп ойношу коркутуп жатат

“Күйөөңдү кайтара албайсың” деп ойношу коркутуп жатат

24-ноябрь, 12:04
4 147 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашым 22де. Турмушка чыккам, бир балам бар. Күйөөм 28 жашта. Айтайын дегеним, аябай кыйналып турган убагым Москвадабыз. Күйөөм мен жанында жүрсөм да бир кыз менен жакын болуп кетти. Бир нерсе деп ооз ачсам эле “кете бер Кыргызстанга, сени эч ким кармаган жок” дейт. Көңүлүм калды, жүрөгүң муздап калат экен. Ал мамиле курган кызы да мага колуңдан келгенин кыл, окутуп-чокутуп алам десең эми кеч деп жазыптыр. Мен өзүм да атасыз өскөм, атам кичинемде өтүп кеткен. Ата мээримине зар болуп чоңойгом. Балам да ошо мага окшоп атасына куса болбосун деп ойлоном. “Өзүңдү жакшы кара дешиңер мүмкүн, өзүмө тың, таза, арык эле келинмин, андай кыйкырып уруш чыгарган деле адатым жок. Эмне кылам?.. Кайра мага келе турган кылып окутуп алсамбы?.. Билем, бул күнөө, бирок жашоом үчүн күрөшпөсөм, мен үчүн эч ким күрөшпөйт да.  Ара жолдо, ай талаада, туманда калдым...

Гулина

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер