Эмир Сарпашов, ишкер: “Светтик өлкөдө бети-башын чүмкөгөндөргө тыюу салуу туура эле”
-- Эмир агай, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, документте коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салууну демилгеледи. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- Бул мыйзамды мен толугу менен колдойм. Акыркы мезгилде бети-башын чүмкөгөндөр аябай көбөйдү. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн ушундай кадамдарга барууга аргасызбыз. Себеби, биздин мамлекет светтик өлкө болуп эсептелет. Ошондуктан аша чапкан нерселерге тыюу салуу туура эле. Бирок, дин эркиндиги да болушу керек.
-- Аталган мыйзамда диний негизде партияларды жана башка саясый бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу да каралыптыр. Мындай мыйзам зарылчылыктан улам жазылып жатабы?
-- Менимче, мындай мыйзам зарылчылыктан жазылып жатат го. Себеби, элдин башын айланткан түрдүү диний агымдар пайда болуп жатпайбы. Ошолорго да кандайдыр бир чектөө кылуу үчүн жазылгандай.
-- Айрымдар “дааватка, жоолук салынууга да тыюу салат экен” деп кооптонуп жатышат го?
-- Ар кандай опурталдуу мыйзамдарды кабыл алгандын ордуна, мамлекеттик жакшы идеологияны жүргүзүп, күчөтүп, коомдогу руханий боштукту ээлеп алыш керек. Антпесе аны диний эктремисттерге алдырып жиберүү коркунучу бар.
"Азия Ньюс" гезити