Акыркы кабарлар
» Коом » Кайгы, ыза жүрөктөн чыгып, өпкөнү жабыркатат
Кайгы, ыза жүрөктөн чыгып, өпкөнү жабыркатат
28-февраль, 12:10
585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ден-соолукту сырткы чөйрө эле бузбастан, өзүбүздөгү ар кандай эмоциялар да жабыркатат. Бул боюнча эмоциялар менен органдардын байланышын чыгыш медицина адистери далилдешкен.
Алардын айтымына караганда, адамдагы кайсы бир оорулар кубанычтан, кайгыдан жана башка бир катар эмоциялардын таасиринен жаралат
Кубануу:
Бул эмоция жүрөк менен байланышта. Адам кубанганда бүт денесинде жеңилдикти, жагымдуу энергияны сезет. Анткени бул учурда вена, артерия тазаланып, энергия жөнгө салынат. Бирок ашыкча кубануу тескери натыйжа берет. Мында энергия бир калыпта болбой жүрөктүн иши бузулат. Жүрөк эле эмес, өпкө да жабыркайт. Анткени бул эки орган тең дененин жогорку бөлүгүндө жайгашкандыктан бири-бирине таасир этпей койбойт.
Кайгыруу:
Кайгыруу, ыза болуу. Бул эмоциялар өпкө менен байланышта. Депрессиядан улам өпкөнүн энергетикалык системасы бузулат, чарчоо, энтигүү пайда болот. Адам кайгырганда бронха менен бронхиолдору ичкерип дем алуу кыйындайт. Натыйжада астма пайда болот. Окумуштуулардын айтымында, кайгы жүрөктөн чыгып, өпкөнү жабыркатып, кайра жүрөккө барат. Чыгыш медицинасына ылайык, жүрөктүн жакшы иштеши үчүн уйку абдан маанилүү. Ал эми кайгырган, ыза болгон учурда уйку бузулат. Кайгыруу, ыза болуу психиканын бузулушуна жана эс тутумдун начарлашына да алып келет.