Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлообек Дүйшеевдин “тескери ушатканы” жалпыбызга чачырады...

Шайлообек Дүйшеевдин “тескери ушатканы” жалпыбызга чачырады...

30-август, 08:03
1 364 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каныкей кыргыз калкын каргады беле? Бул суроону “Де-Факто” гезитине (07.08.2020) чыккан Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урмамбетовдун “тандеми” жаратты. Экөө тең чоң акын, көркөм сөздүн чеберлери. Ыр менен сатиранын таржымалын айтып жатып, “Манаска” кирип кетишти. Анан ушул жерден Шайлообек бизди таңгалдырды. Буга чейин мындайды Жайсаңдын “урпактары” да айткан эмес. Мына, окугула, өзүнүн жазганы (оригинал).

“Кан Жакыптын алты арамы ошондо,

Кайран журтту талап-тоноп алышкан.

Төө кайтартып Бакайына кыргыздын,

Төбөсүнө шиш казыкты кагышкан.

Каныкейдин эки эмчегин жара чаап,

Каракчылар канын жолго агызган.

Кайран Каныш каргап кеткен ошондо:

“Кара башы аз болсун, - деп, - камыштан!

Кайрат-күчү пас болсун, - деп, - намыстан!

Калысы жок калк болсун, - деп, - кабышкан!”

Мына ошондон кийин биздин энелер,

Билесиңби, Манас туубай калышкан!”

Каныкей кыргыз элине ушундай тагдырды кантип кааламак эле, “саны аз болсун, кайрат-күчү пас болсун, калысы жок болсун” деп. Бул Дүйшеевден чыккан саптар. Каргышты жанагы “алты арамга” эмес эле, бүтүн кыргызга айтып жатат, “калысы жок калк болсун” деп. Кан Жакыптын алты баласы менен кан Манастын алты дубан журту буга барабарбы, айырмасын көрбөй турабы? Азыр бул айырма “алты” менен “алты миллион”. Ушундай абсурд Каныкейдин элесине жарашмак беле? Азыркы учурга “аналогия кылам” деген акындын аракети ишке ашпады, тамтыгы чыкты, себеби, “каргышы” аткарылбады. “Кара баштар” аз эмес, кайрат-күч пас эмес, калыстардан ажыраган жокпуз, “алты арамдан” кутулдук. Эки ревоюцияны жасаган элдин кайраты кантип эле пас болсун? Кыл жарган калыстары кайыптарга айланган жок. Шүгүр. “Каргыш” Каныкейдин оозунан эмес,  акындын “камышынан” чыкты. Ушундай “каргышты” Каныкей “алты арамга” да айтмак эмес. Бул жанагы Бүбү Мариямдын версиясындагы “Коңурбайдын чаап келаткан тулпарын марадан Манас буту менен жыга тээп чыгарган” дегендей эле кеп. Орусча мындайды “паскудство” дейт. 

Эпостун бир дагы вариантында ушундай “каргыш” жок. Болсо, ошонун дарегин эки акын элге көрсөтүшсүн. Бул “ыргак” Шайлообектин кыялынан жаралган “сюжет” катары кабыл алынат. Буга Кыялбек каяша айтпады, демек, ушуга макул. Соавтор. 

Каныкей Манастын элине, Семетейдин журтуна каргыш айтат беле? Эки акынга дагы эки суроо: Манасты кыргыздын энелери улам-улам тууй бериш керекпи? Эмне, конвейерге сала турган инсанбы? Анан Каныкейдин “эки эмчегин ким жара чапты”? Получается, “өзүңөр кол салдыңар”. Шайлообек Дүйшеевдин ушундай “ильхамдары” анда-санда чыгып калат. “Майдан” гезитинин редактору бир жолу “ыкмасына” илинип, “бул тескери ушаткан неме турбайбы” деп жазып жиберген. “Тескери” деп ошол кездеги бийликти акын дайыны жок калкалаган үчүн айткан. Ооба, мурунку бийликке (Отунбаева менен Атамбаевге) таазим кылып, алар кеткенден кийин эми биз “пас” болуп калдыкпы? 

Азыркы акындардын “калыстыгы” ушундай беле? Жок, мындай эмес, азыркы акындардын үлгүсү Анатай Өмүркановдой – ар бир бийликке калыс сөзүн айтат, президенттерге жүгүнбөйт, “мунусу мыкты, мунусу маңка, мурункусу танка, азыркысы банка” дебейт. Калыс акын түз жүрөт, кыйшак-кыйшак этпейт.  Шайлообек ошол жылы редактордун курч сөзүнө арданып, “сотко берем” деп талпынган. Мен ортого түшүп, Нургазы Анаркуловду “эми сен ачууланба,  кокусунан колуңа чачырап кетиптир, жууп кой, алысыраак турсаң болмок да” деп акынга болушкам. Бул жолу эмне дейм? “Тескериси” жалпыбызга чачырады.  Каныкейдин арбагына таш ыргытылды. “Колуңарга колкап кийгиле, бетиңерге беткап тагынгыла” демек белем? Глупо. Элдин ыйык сыймыгына ыры менен жырын “чачыратып”, ит эле болду го! Өзү айткандай, просто “пошомайт”...


Кубан Мамбеталиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер