Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айланамдан боштукту жана өлүмдү көргөнсүймүн..

Айланамдан боштукту жана өлүмдү көргөнсүймүн..

28-сентябрь, 11:20
515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Качандыр бир күздүн муздак, бүркөө, жамгырлуу таңында бакчаны аралап баскандырсыз... Жылаңач дарактар алсыз шамалга күүлөнүшөт. Жолдун баары түшкөн, күбүлгөн жалбырактар. Айланамдан жалгыз гана боштукту, ичиркенткен суукту жана өлүмдү көргөнсүйм. Бирок күзгү гүлдөр: астра, роза, георгиналар бажырайып ачылып турат. Накта күздүн жыты, күздүн көрүнүшү сезимдерди дирилдетип, эски жарамды эске салды. Жакында бул сулуулуктун баарын кар басып калат. Суук күндөр башталат. 

Күзгү гүлдөргө тигилем. Таажыларын назик кармалайм. Өзүмө салыштырам. Баардык жакшы нерселерден айрылып, ак карлуу ааламды көздөй бара жатканыма жүрөк ачышат. Азыр кеч күз. Жакында кыш келет. Согушу жайланып бараткан жүрөктөй элестетем өзүмдү. Үмүт-кыялдардын мүрзөлөрүн аралап жүргөндөймүн. Кайсы бир ойчул айткандай, "артымды карагым келбейт, алдым көрүнбөйт". Менин жандүйнөмдүн көрүнүшү ушундай ...


Акмаанай 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер