Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапония атом бомбасынын курмандыктарын эскерүүдө

Жапония атом бомбасынын курмандыктарын эскерүүдө

09-август, 12:06
1 575 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жапония 76 жыл мурун АКШнын куралдуу күчтөрү Нагасаки шаарына таштаган атом бомбасынын курмандыктарын эскерүүдө. Бир мүнөттүк жымжырттык жергиликтүү убакыт менен саат 11:02де (Бишкекте 8:02) жарыяланды. Так ушул саатта, 1945-жылы, 9-августта америкалык аскер учагы таштаган атом бомбасы жарылган.

Жымжырттыктан соң Токионун мэри Томихис Тауэ менен жапон өкмөтүнүн башчысы Ёсихидэ Суга кайрылуу жасашты.

Коронавирус пандемиясынан улам атом бомбасынын курмандыктарын эскерүү чаралары эки жылдан бери мурдакыдай белгиленбей жатат. Бир катар иш-чаралар кыскартылган. Ага карабай Нагасакиде өтүүчү эскерүүгө чет өлкөлүк дипломаттар чакырылган.

Нагасакиде атом бомбасынын кесепетинен 70 миң адам курман болуп, шаар дээрлик тыптыйпыл жок болгон. Акыркы жылы атом бомбасынын курмандыктарынын катарын 3 миң "хибакуси" же атом бомбасы ташталган учурду башынан кечирген адамдардын аты толуктады.

75 жыл мурун экинчи дүйнөлүк согуш аяктап баратканда АКШ алгач Хиросима шаарына, андан көп өтпөй Нагасакиге атом бомбасын таштаган. Хиросимада 140 миңдей, ал эми Нагасакиде 70 миңден көп киши кырылган. Бомба чабуулунан кийин Азияда согуш токтогон жана Жапониянын падышычылыгы 1945-жылы 15-августта багынып берген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер