Т.Абдраимов менен А.Сариев БШКны башкарган кезде башаламандык болчу эмес
Шайлоо алдындагы камылгалар, кандидаттарды тандоо ар бир партиянын өз иши. Уставы кандай жазылса, ошого жараша партиялар ишин кыла берет. Болгону шайлоо боюнча жазылган мыйзамды сактаса болду.
Убагында партиялык тизме менен шайлоого барууну активдүү жактагандардын бири мен болчумун. Себеби, экономика институтунда иштеп турганда директорубуз профессор Ш.Мусакожоевдин кандидатурасына бир чети иниси, бир чети күйөө баласы, бир чети кол алдындагы кызматчысы катары колдоп баргам. Ошол кезде Жумгал менен Кочкордун бир аз участогун кошуп, шайлоо округу кылган. Кочкорго барып, бир аз үгүттөө ишин кылып, эртеси Жумгалга бардык. Айылыма барып, жолдош балама жолуксам, “досум, таарынба, кечээ эле Кубанычбек келип, Жолукелердин айылына бир бээ союп берди. Барып тамагын жеп, арагын ичип, убада берип келдик. Бир аз кечигип калдың. Андан көрө мен конок кылайын, тамак ичип, таарынбай кет” деди. Ошентип Ш.Мусакожоев өтпөй калды. Кубанычбек өтүп кетти. Айла жок, таарынбай кете бердим. Кийинки шайлоодо Жумгал менен Ак-Талааны кошуп, бир округ кылды. Менин досумдун иниси бир далай акча коротуп жатып депутат болду.
Ошондон кийин мен дагы “бир мандаттуу шайлоо болбойт экен, андан көрө партиялар аркылуу депутат шайлаган дүйнөлүк тажрыйбага өтөлү” деген ойго келдим. Өткөндө жазгандай, “партиялык шайлоо таза болор” деген эле ой болчу.
Феликс Кулов Аскар Акаевге таарынып, Бишкек шаарынын мэрлик кызматын тапшырып, «Ар-намыс» партиясын түптөгөндө мен биринчилерден болуп жазылгам. Ошол кезде «Ар-намыска» чын эле ар-намыстуу балдар көп катталган. Тилегенибиз: таза шайлоо, өнүккөн демократиялуу өлкө болгон. Ал кезде карапайым эл менен олигархтардын ажырымы аз эле болчу. Милициясы баш болуп, бандиттер абдан көп болчу. Бирок элдин коомдон көңүлү кала элек кези эле.
Тилекке каршы, 2007-жылкы шайлоодо Ф.Кулов акча таппай коюп, «Ар-намыс» өтпөй калды. «Акжол» биринчи болду. Мен «Ар-намыста» бир тыйын бербей эле 6-болуп жазылгам. Досум Бекназар 11-болчу. Акча жана административдик басым мурун деле бар болчу, бирок бул процесс ошондо катуу башталган. Шайлоо мезгилинде Жумгалдын Таш-Дөбө айылына өлгөнгө бардым. “Классташыбыз” деп бир топ балдар келип учурашты. Сөздөн сөз чыгып, шайлоо жөнүндө сүйлөшүп калдык. “Мен “Ар-намыс” пртиясы менен бара жатам. Добушуңарды бергиле, классташ катары” десем, «канча бересиң?» деп бири сурады, «эмне кылып бересиңер? Баланча партия тигил айылдын дөңүн түзөтүп бериптир» деп бирөө айтты. Мен чочуп кеттим. “Эмнемди берет элем? Мен деле силердей мугалиммин. Андан көрө качан силер “болуптур классташ, бизден эмне жардам керек? Чычкак улагым бар. Ошону берсем болобу?” дегенди качан үйрөнөсүңөр? Качанкыга чейин кайырчыга окшоп сурана бересиңер?” десем, баары качып жөнөштү.
Өз айылым Кайырмага барсам, небак эле 28 партияга бөлүнүп алышыптыр. Ар ким тууганына, акчасына, кызматына карап эле ал партия өтөбү-жокпу, программасы кандай, курамында кимдер бар – эч кандай иши жок экен. Аралдан бери кыдырып келип, элде эч кандай партиялык түшүнүк жок экенин көрдүм. Өз айылым дагы, кайындарым дагы түңүлтүп койду. Шайлоо процессин бизге окшогондор эмес, бизден жаш, уюшкан жаш электораттар акчасына жараша бөлүп алышыптыр. Шайлоо бүткөндөн кийин ошол эле досторум, туугандарым, кайындарым шаарга келишип, “ооруп жатам, доктурга алып бар. Тигинден жардам бер, мындан жардам бер” деп келишет. “Баягы шайлаган партияңарга барбайсыңарбы, мага эмне келдиңер?” десем, “алардын акчасын алганбыз, эми бизди карамак беле, а сен өзсүң да” деп күйгүзүшөт.
Көп өтпөй 2010-жыл келди. Бизде кайрадан партиялык эйфория башталды. 2011-жылкы шайлоодо «Ар-намыска» ар кандай бай адамдар биринчи ондукка кире баштаганын көрүп, партиядан чыгып кеттим. Аликбек Жекшенкулов уюштурган «Акыйкат» партиясына 40-тизме менен киргем. Себеби, А.Жекшенкулов уюштурган оппозициялык «Коомдук парламентте» мүчө болуп, Д.Садырбаев аба менен бирге болуп жүрдүк. “Партиялар эми таза шайлоо өткөрөт” деген ишеним болду. Көп өтпөй Докебиз кайтыш болду. Кайдан-жайдан келгени белгисиз, А.Атамбаев, А.Бекназаровдор пайда боло калып, «БЭК» дегенди түзө коюшту. Буларга аралашкым келген жок. Ошондуктан А.Жекшенкулов кайда болсо ошону колдоп, “Акыйкат” партиясына киргем.
Тилекке каршы, “Ата Журт” биринчи, КСДП менен “Ата Мекен” артында калды. “Ата Мекен” 6-болуп калып, коркутуп атып шайлоодогу добуштарды оңдотуп, 5-болуп парламентке араң өттү. “Акыйкат” акча таратпай коюп (эмнесин берет эле?), караандабай калдык. “Ата Мекендин” “2 миллион доллар алып, таратпай койгон” деген чыры ошондо эле башталган. Партиялык тизме бизнеси ошондон баштап Гиннес китебине киргидей рекорд коё баштады.
«Элүү жылда эл жаңы» дейт эмеспи. Убагында күчтүү жаштар негизин түзгөн «Асаба», «Ар-намыс» партиялары ордун ондогон партияларга бошотуп берди. Менимче, «Ар-намыстын» потенциалы чоң, келечеги кенен эле. Партиялык ички демократиянын жоктугу, ичине принципсиз адамдардын толушу акыры ушул бечара абалга алып келди.
Бүгүнкү партиялар чырына келсек, эч кандай талаш-тартыш болбой турган жерден жөнү жок эксцессдер башталды. Балким, коронавирустун таасири болсо керек. Жарым жылдан берки үй камагы, карантин, өзгөчө кырдаал, оорулуулардын болуп көрбөгөндөй саны, саламаттык сактоо системасынын чабалдыгы, дары-дармек спекуляциясы, башкаруучулардын башаламан чечимдери менен аткарылбаган убадалары, жакындарын жоготкондордун ыйы ж.б.у.с. тескери психологиялык фактор БШКны, сотту тегеректеп ызы-чуу чыгарууга себеп болду окшойт. «Мыйзам, мыйзам» деп чуулдаган, өздөрү мыйзамды түшүнбөгөн жана мыйзамды бузган журналисттер башында турган НПОлор, партия өкүлдөрү жана БШК мүчөлөрүнүн туура эмес иштери кошул-ташыл болушту. Бир дагы шайлоо мезгилинде шайлоо участокторунда саат кечки сегизден кийин эч ким кирбеши керек. Эшиктер жабылат. Комиссия ишке киришет.
Биринчиден, бул жерде деле БШКнын эшиги саат алтыда жабылып, эч кимди киргизбей, каттоосун уланта бериши керек болчу. Муну бешиктеги бала да билет. БШКнын өкүлдөрү саат алтыдан кийин журналын көтөрүп алып көрүнгөнгө көрсөтүп жүргөнүн биринчи жолу көргөндө өз көзүмө ишенген жокмун. Туйгунаалы Абдраимов же Акылбек Сариев жетекчилик кылып турушканда, ушундай ызы-чууга жол берилген эмес. Баары так, өз орду менен болгон. Демек, мындай БШКдагы башаламандыкты БШКнын башчысы баш болуп атайы жасагандай туюлат. 2 мүнөт талашын эми жаныңар болсо жанталашып, Гиннеске киргизгиле.
Экинчиден, “ал партия кирбесин, бул партия кирбесин” деп айтууга эч кимдин акысы жок. Өзгөчө атаандаш партиялардын өкүлдөрү бери дегенде мыйзамды сыйлабаганы, ары дегенде ээнбаштык кылганы. Жок дегенде атаандаш партиясын сыйлаш керек эле.
Журналисттерибиздин деңгээли, тилекке каршы, жылдан жылга төмөндөп, “эптеп эле чыр-чатак болсо” дегендей болуп калгандай. Убагында Чолпон Орозобекова атайын грант бөлдүрүп алып, журналисттердин деңгээлин көтөрүү үчүн курстарды уюштурган. Мындай курстар такай керек.
НТСтин экономикалык бөлүмүнүн алпаруучусу алтургай атайын экономика жана финансы институтунун экономикалык магистратурасын кечкисин окуп бүтүргөн. Азыр берүүсүн алданемедей таза жана компетенттүү алып барат.
Үчүнчүдөн, партиядагы кандидаттардын аттарын атап, алардын жаман-жакшысына жетип, “баланчанын баласы же кызы” деп мазактоого, шылдыңдоого болбойт. Бул адам укугун бузуудагы эң чоң кылмыш. Шылдыңга, мазактоого кабылган ар бири мыйзамды сыйласа сотко берет, болбосо “мени шылдыңдаган оозуң ушубу?!” деп атышканга чейин барууга акысы бар. Элден мурун ойлон. Эгер сенин атаңды, апаңды, өзүңдү же балаңды, кызыңды, келиниңди же күйөө балаңды, агаңды же иниңди ошондой мазактоого, кордоого, кемсинтүүгө кабылтса эмне дээр элең? Унчукпай, баарына макул болуп туруп берет белең? Анда сени “макулук” деп атамак.
Төртүнчүдөн, партияны каттоо же “мыйзам бузду” деп каттабай коюу БШКнын иши. “Мыйзам бузду” же “бузулган жок” деп чечим чыгаруу соттун иши. Соттошуу – партия менен БШКнын ортосундагы талаш. Бул талашка атаандаш партиялар менен НПОлорго кийлигишүүгө таптакыр болбойт. Муну басым, же хулигандык (!) дейт.
БШК каттаса каттай берсин, сен кыйын болсоң шайлоодо жеңип ал. Мен башында эмне үчүн шайлоо процесстерине токтолдум? Себеби, «Ар-намыс» партиясы менен «Акыйкат» партиясы шайлоонун башында дагы, шайлоо бүтүп жеңилип калгандан кийин дагы мындай пастыкка барган эмес. Анткени, лидерлеринин дагы, мүчөлөрүнүн дагы деңгээли жогору болчу. Намыстуу болчу.
Бешинчиден, “сатылба элим, сатылба” дегендерге суроо: “Кимге сатылбайын? Эмнеге сен мени “сатыласың” деп эмитен мазактайсың? Басынтасың. Кордойсуң. Сатыламбы-жокпу, сенин кандай ишиң бар? Эмне үчүн куюшканга кыпчылган тезектей болуп мага акыл үйрөтөсүң? Мага акыл үйрөткөндөй сен кимсиң?” десе эмне дейсиң? Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында АКШдагы президенттик шайлоого АКШ коммунисттер партиясынын ошол кездеги генералдык секретары Гэс Холл такай катышчу. СССРдин гезиттери “башка партиялар 5 доллардан беришип, элди сатып алууда. Коммунисттер бир тыйын бербегенинен жеңилип калды” деп критикалачу. Азыр бизде дагы ошол процесс кыргызча вариант менен жүрүп жатат.
Ар бир партиянын ичинде ар кандай адамдар бар. “Ал адам андай эле, бул адам мындай эле” деп аларды кордоого эч кимдин акысы жок! Кимди киргизет же киргизбейт – партиянын иши. Андыктан, демиңерди ичиңерге алып, сабыр кылып, шашпай, тынч, уюшкан түрдө шайлоого барып, каалаган партияңарды шайлап алгыла. “Демократия” деп, “эркиндик” деп ошону айтат. “Көчөгө чык, согобуз, талкалайбыз, шайлоого барба, баарына каршы добуш бер!” дегендер мамлекеттин демократиясына, тынчтыгына, ал эле эмес фундаментине каршы диверсанттар болуп калат.
Эсиң барда этегиңди жап. Пандемиядан аман-эсен бол. Бала-бакыраңдын келечегин ойло. Ата-энеңди сыйла. Улууну урматта, кичүүнү ызаатта. Мына, кыргыздын демократиясы! Бул болгон, болуп жатат жана боло берет.
Партиядан партияга өтө качуу, акча жана административдик ресурстарды пайдалануу элдин жашоо деңгээли жогорулап, жумушсуздук жоюлуп, “билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат” принциби, партиянын ички демократиясы орноп, акча сунуштоо жана акча алып добуш берүү мен үчүн уят деген түшүнүк пайда болмоюнча эч токтобойт. Бул турмуштун мыйзамы.