Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асыкбек Оморов: “Биз түзгөн Кытай–Кыргызстан–ϴзбекстан темир жол долбоору элибиз үчүн ыңгайлуу”

Асыкбек Оморов: “Биз түзгөн Кытай–Кыргызстан–ϴзбекстан темир жол долбоору элибиз үчүн ыңгайлуу”

21-август, 21:21
7 195 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытай–Кыргызстан–ϴзбекстан темир жолу КР автордук укук объектисинин мамлекеттик каттоо “Кыргызпатент” мекемесинен 2021-жылы 17-июнда №4356 менен алынган. Авторлор: “Санжыра” борборунун директору, тарых жазуучусу, профессор, инженер-геодезист (НИИГАиК) Асыкбек Оморов жана инженер-геодезист (НИИГАиК) Абдумалик Мурзаевдер. Биз Асыкбек ага менен ушу долбоор боюнча маек курдук. 

-- Асыкбек ага, бул долбоор боюнча сиздер кайсы убактан бери карта аркылуу түзгɵнгɵ аракет жасадыңыздар?

-- Кытай–Кыргызстан–ϴзбекстан темир жолу долбоору боюнча бийлик тарабынан жалпы эл арасына айтыла баштагандан эле алдын ала курула турган темир жол трассасы боюнча болжолдуу инженердик-геологиялык изилдɵɵ иштерин авторлор катары экɵɵбүз Ат-Башы районунун Арпа ɵрɵɵнүндɵ Ош облусунун Кара-Кулжа району менен чектеш Каракол деген тоо кыркасына чейин барып, эң кыска темир жолду изилдɵɵ жасаганбыз. Негизи, курулуш объекти түрлɵрү боюнча баардык багытта алдын ала инженердик-геологиялык изилдɵɵ жүргүзүлɵт, ал изилдɵɵ жүргүзүлмɵйүнчɵ жана долбоор түзүлмɵйүнчɵ эч убакта курулуш иштери башталбайт жана курулбайт. 

Каракол тоосу аркылуу Кара-Кулжа ɵзɵнүнɵн автомашина менен ашууга мүмкүн эмес. Кайра Бишкек шаарына келип, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун чыгыш тарабында жайгашкан Биринчи Май айылынан Кара-Кулжа ɵзɵнү менен чыгыш тарабына чарба аралык жолдор аркылуу болжол менен 15-20 км аралыкка чейин барып, жердин кыртышын геологиялык жактан болжолдуу аныктап, анан карта түзɵ баштаганбыз. 

Жалпы кɵрүнүп турган карта боюнча аталган темир жол трассасы менен М: 1:100000 карта номенклатурасы боюнча 8 карта түзүлгɵн. Бул темир жол трассасынын чыгыш тарабы Ат-Башы районунун Торугарт тосмосунун түштүк-чыгыш тарабынан Котур-Таш деген тоодон башталып, Чатыр-Кɵлдүн түштүк жээги менен батышты кɵздɵй созулган темир жол Каракол тоосуна барып, деңиз деңгээлинен 3166 метрден кирген темир жол туннели Каракол тоосунун батыш тарабынан Кара-Кулжа ɵзɵнүнүн чыгыш тарабынын күнгɵй бетинен деңиз деңгээлинен 3146 м, 7,5 км аралыкта чыгышы керек. Мындай тоо кыркасынан 7,5 км эң кыска темир жол туннелинин батышты кɵздɵй болгону 20 метр ылдыйлашы – поезд эч тоскоолсуз жүрɵ берет деген сɵз, же болбосо, 0.0026 проценттик кɵрсɵткүчтү түзɵт, техникалык мүнɵздɵмɵ боюнча бул идеалдык кɵрсɵткүч.

Темир жол трассасы картада кɵрүнүп тургандай, Кара-Кулжа ɵзɵнүнүн күнгɵй бети менен созулуп отуруп, Кара-Кулжанын Биринчи Май айылынын чыгыш тарабында болжолдуу 42 км аралыкта Кара-Кулжа дайрасынын күнгɵй тарабы аркылуу тескей тарабына кɵпүрɵ аркылуу ɵтүп кетет. 

Ушул жерден окурмандарда “эмне үчүн темир жол трассасы ɵзɵн боюнча күнгɵй тараптан тескей тарапка ɵтүп кетет?” деген суроо пайда болушу мүмкүн. Себеби,   Кара-Кулжа ɵзɵнүнүн оң-сол жээктеринде кышында кардан пайда болгон суу жылгалары жазында чогулуп, Биринчи Май айылына жетпей жылына бир жолу сел каптап кетет. Ошондуктан, кийин курула турган темир жол кɵпүрɵсүнɵ суудан чогулган сел агымдары ɵзүнүн терс кесепеттерин темир жол кɵпүрɵ курулушуна такыр тийгизбесин деген максат менен долбоорлонгон эле.

-- Ушул аталган темир жол трассасы боюнча канча майда жана чоң кɵпүрɵ  курулат? 

-- Жалпы темир жол трассасы боюнча 39 кɵпүрɵ курулат, алар батыштан чыгышты кɵздɵй: Савай, Адыр, Куршаб (чоң), Тар (чоң), Суулуу, Кара-Кулжа (чоң), Кɵк-Жар, Сары-Бээ, Ак-Таш, Кеңди-Суу, Биринчи-Мойнок, Yчүнчү-Мойнок, Беш-Мойнок, Талды-Суу, Кɵк-Жар, Туура-Суу, Мухтанай, Кожо-Жайлоо, Кашка-Суу, Суу-Тɵр, Торук-Сай, Сары-Таш, Чолок-Торпок, Сайлуу-Колот, Арчалуу-Буйнат, Сур-Таш, Чоң-Yч-Сеид, Чака-Суу, Чоң-Жылга, Арчалы-Тɵр, Муз-Тɵр, Кузгун-Таш, Муздуу-Тɵр, Ничке, Чатарак, Кара-Сай, Кемтур, Таш-Булак ж.б. кышкы кар эсебинен жазында пайда болгон агым жылга суулары жана дайралары. Бул майда жылга суулар кɵбүнесе Арпа ɵрɵɵнүнүн ичинен жазында пайда болуп, кийинки жазга чейин суу жылгалары соолуп жок болуп, акпай турган дайралар катары саналат.

Аталган дайралардын кɵпчүлүгү майда суу агындары болуп саналат, ал жерлерге темирбетон менен кичинекей суу агындары агып кетиш үчүн квадрат түрүндɵ кɵпүрɵ лотоктору курулушу керек. Ал эми Куршаб, Тар, Кара-Кулжа дайралары үчүн темирбетондуу колонналар менен аралыктуу колоннары бар бийик кɵпүрɵлɵр курулушу кажет. Ушул аталган кɵпүрɵлɵрдүн ичинен эң узун кɵпүрɵ Тар дайрасы болуп саналат, ал кɵпүрɵнүн узундугу болжолду 150-180 метрге барабар.

-- А жалпы сметалык чыгымдарды кандай жол менен эсептедиңиз, кайсы расценкага таяндыңыз? Бизде темир жол боюнча курулуш иштери буга чейин жүргүзүлɵ элек да?

-- Негизи, Кыргызстан кɵпчүлүк учурда темир жол курулушу боюнча Россия Федерациясынан алынган эсептөөнү колдонуп келет. Себеби, мындай эсептик ыкма союз учурунан бери колдонулуп жана калыптанып калган. Россиянын аймактарынын чыгышы Камчаткадан баштап, батышы Чыгыш Европа аймактарынын баардык жерлери саздуу, нымдуу, кышкысын тумандуу, суук жер аймактары болуп саналат эмеспи. Ошондуктан, алардын жасаган темир жол полотносуна чейин эсептелинип, жалпы союз нормасы боюнча расценка катары калыптанып калган.

Россиянын аймактары менен биздин кыртыштуу, тоолуу аймактарды   салыштырууга болбойт. Биздин жер аймактарынын баардык жерлеринде кум, чоң фракциядагы шагылдар, таштар бар, тоо тектүү, граниттүү, поезд жолун курууга абдан экономиялык багыттары тɵп келген, кыскасы, бизде темир жол курууда экономикалык жактан абдан ыңгайлуу жер кыртышы болуп саналат жана чөкмөлүү жер кыртыштары такыр жокко эсе.

-- Окурмандарга жалпы түшүнүктүү болуш үчүн ушул жалпы долбоордун техникалык жана географиялык жактан абалына мүнɵздɵмɵ берип коёсузбу? 

-- Кытай–Кыргызстан–ϴзбекстан темир жол долбоору боюнча Ат-Башы районунун Торугарт тосмосунун түштүк багыты болгон Котур-Таш тоосунан туннель аркылуу 3580 метр деңиз деңгээлинен чыгып, Торугарт, Чатыр-Кɵл түштүк аймагы, Ат-Башынын Арпа ɵрɵɵнүнүн батыш тарабында Кара-Кулжа менен чектеш Каракол тоо кыркасы бар, ал тоо кыркасынан деңиз деңгээлинен 3166 метрден батышты кɵздɵй тешилген туннель Кара-Кулжа районунун ɵзɵндүү күнгɵй тарабы менен район борборунун түштүк тарабы, андан кийин Тар дайрасы, ϴзгɵн шаарынын түштүк тарабы менен акырында Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылынын жанындагы темир жолго кошулат, жалпы техникалык мүнɵздɵмɵ боюнча темир жол узундугу – 231 км. Каракол туннели – 7,5 км. сметалык  (РФнын расценкасы боюнча) болжолдуу чыгымдар алдын ала инженер-геологиялык изилдөө чыгымдарын эсептебегенде 1.4 млрд. АКШ доллары болуп саналат. Бирок, бул сметалык жалпы чыгымдар биздин географиялык шартка жараша кеткен жалпы курулуш материал чыгымдары Россиянын расценкасына караганда курулушту курууда да алда канча үнөмдөлөт.

--  “Кыргызпатент” мекемесинен атайы патент алынган экен, эмне үчүн транспорт министрлиги сиздин долбоорду колдонушпайт, же тендерге катыштырбайт же башка кызыкчылыктары барбы?

-- Биринчиден, минтранс биз түзгɵн темир жол трассасына кире алышпайт, себеби, ал темир жол трассасына атайы патент алып алганбыз. Булардын кызыкчылыгы кандай экенин мен билбейм. Минтранс эки вариантта темир жол трассасын долбоорлошкон, биринчи варианты Арпа ɵрɵɵнү аркылуу Ак-Талаа районунун түштүк тарабына 13,5 км туннель тешип чыгышып, Кытайдан келген поезд жолу ушул эле райондун Жеңиш айылынын түштүк-батыш тарабына тыныгуу базасын калтырышкан, андан ары Кош-Дɵбɵ аркылуу Макмал, Калмак, Кырчын ашуусу менен Сузак районуна Жалал-Абадга кошулуп жатат. Бир районду тебелеп, экинчи районго чейин кытай темир жолун калтырыш – бул мен үчүн абсурд. Кытайдын поезд рельсинин базасы 1435 мм, ал эми Россиянын  поездинин темир жол базасы 1524 мм, айырмасы 89 мм. Кытайдын поездин  биздин аймактарга эч убакта терең киргизбеш керек, кенедей элди жайнаган кытай эли каптап кетет.

Ушул жерден бир эл аралык Россия–Кытай поезд жолу боюнча окурмандарга билдире кетейин. Россиянын Байкало-Амурск магистралы катнаштары боюнча Чита облусунун түштүк-чыгыш багытында (М55) магистралы Кытайдын Манчжурия шаарынан болгону 2 км аралыкта. Кытай поезди чек арадан ɵтүп, Забайкальск шаарынын жанына тыныгуу базасын уюштурушкан, ал жерден болгон поезд жүктɵрүн тɵрт буттуу бийик крандар (орусча “козловый кран” деп аталат) аркылуу болгон контейнерин Россия контейнерине жүктɵп беришет, ал жерден поезд кайра артка жүк менен кетип калат. Эмне үчүн биз кытай поезд жолун ушундай Торугарт аймактарында эле тыныгуу базасын кылбай, бир район аркылуу ɵткɵрүп, экинчи районго чейин жеткиргенге мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек? Колдон келсе Россияныкындай кылып кытай поездин дегеле ички аймактарга такыр киргизбеш керек. Мурун союз мезгилинде Кытайдын чыгыш тарабында Приморск крайы менен чектеш Кытай–Россия темир жолу Хасан–Краскино–Гвоздево–Приморский–Тереховка–Уссурийск шаарына чейин жетип, Россиянын М60 магистралына кошулуп калган, азыр бул шаарларда жайнаган кытай эли билинбей Россияга жайылып кеткен. Ушул тажрыйбадан кийин Россия Манчжурияда эң кыска тыныгуу базасын жасап салышкан. Бул аймактарды жазганымдын себеби, ал аймактарда мен 2015-жылдары атайы “Санжыра” борборунун жетекчиси катары ал жерди атайын автомашина менен кыдырып, кыргыздын тарыхын чогулткан иштерим болгон үчүн жакшы билем.

Негизи, бул жерде кɵптɵгɵн терс, элге жагымсыз саясат бар. Андай болгон учурда ал жагымсыз элементтер кийинки мезгилдерде элге билине баштайт, эгер андай болбосо, биздин Торугарттан чыккан темир жол долбоору ϴзбекстанга эң кыска жол болуп эсептелинет, ал эми транзит боюнча миллиондогон доллар баары бир биздин борбордук казынага түшө бериши бышык нерсе да. 

Кытай саясатынын максаты –  Приморск край абалындагыдай биздин Кыргызстанда болбошу керек. Биздин алакандай жерибиз бар, элибиз да аз санда, мындай саясатты келечек жаш муундарыбыз үчүн кайталанбашы керек. Кытай эли жайнаган эл, кыргыз элинен 250 эсе көптүк кылат, калган салыштырмалуу сандарды өзүңүздөр баамдай бергиле. Мына ушул техника-экономикалык багытта ондогон вариантта мен экономикалык салыштырмалуу багыттарды да эсептеп койгом!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер