Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайсы өлкөдө коронавирустан дарыгерлер көп каза тапты?

Кайсы өлкөдө коронавирустан дарыгерлер көп каза тапты?

04-сентябрь, 20:18
459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Британиялык эл аралык Amnesty International уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Мексикада башка өлкөлөргө салыштырмалуу коронавирустан көптөгөн медициналык кызматкерлер каза болушкан.

Уюмдун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө кеминде 7 миң саламаттыкты сактоо кызматкери коронавирустан көз жумган, анын 1320сы Мексикада.

Ошондой эле медициналык кызматкерлердин коронавирустан көп көз жумган өлкөлөрдүн тизмесине АКШ (1077), Бразилия (634) жана Индия (573) кирет.

Коронавирус тастыкталган учурлар жана анын адам өлүмүнө алып келүүсүнүн көптүгү боюнча АКШ, Бразилия жана Индия алдыңкы орунда турат. Үч өлкөдө коронавирустун 14 миллиондон ашык учуру жана 387 миңге жакын адам өлүмү катталган.

«Рейтер» агенттиги август айында Мексика өкмөтүнүн маалыматына анализ жүргүзүп, Мексикада саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин өлүмүнүн коркунучу АКШга караганда төрт эсе, Бразилияга караганда сегиз эсе жогору экендигин аныктады.

Мексикада коронавирустун 610 миңден ашуун учуру жана 66 миң өлүм катталды. Мексика өкмөтү ушул жумада жалпысынан 102 миң 494 саламаттыкты сактоо кызматкерлери коронавируска чалдыкканын, каза болгондордун саны 1378ге жеткенин билдирген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер